Чет өлкөлүк серепчилердин Казакстандагы шайлоо жөнүндө пикири

Казакстандагы кезексиз шайлоонун жүрүшүнө чет элдик саясатчылар менен ишкерлер көз салышты. Анын ичинде Германиянын ишкерлер тобунун өкүлдөрү да бар. Жыл сайын Казакстандын аймагына немис ишкерлеринин кызыгуусу артып, саны көбөйүүдө. Алар Казакстандын туруктуулугун жана өнүгүүгө умтулуусун баалайт.

КРИСТИАН ГРОССЕ, “ЛИБЕРАЛДЫК ОРТО БИЗНЕС” НЕМИС БИРИКМЕСИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Немис ишкерлеринин өкүлдөрү Казакстандагы шайлоого көңүл буруу менен  көз салышууда.  Анткени Германия Казакстанга инвестиция тартууну пландаган жана мындан ары да инвестиция салууга даяр. Ишкерликтен тышкары мен саясат менен алектенем. Ошондуктан демократиялык жараяндарга көз салып турам.

Ошону менен бирге британ коомчулугу Казакстандагы президенттик шайлоону маанилүү саясий жана эл аралык масштабдагы тарыхый окуя деп белгилөөдө. Казакстан Республикасы менен кызматташтык жаатындагы парламенттик топтун башчысы Боб Стюарттын баамында, президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү келечекте Казакстанда демократиянын өнүгүшүнө салымын кошот.

БОБ СТЮАРТ, БРИТАН ПАРЛАМЕНТИНИН ЖАЛПЫ ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан 21-кылымдагы улуу улут болуу үчүн алдыга жылып жатат. Менин оюмча, бул кылымдын экинчи жарымында бир улуу мамлекет болуп каларына шегим жок. Биринчи президенттин аракети менен демократиялык баалуулуктар орноду деп ойлойм. Мен бул баалуулуктар кийинки шайлоолордо дагы сакталарына ишенем.