Казакстандагы шайлоо жараяны: Серепчилердин пикири

Казакстандагы шайлоо жараяны: Серепчилердин пикири

Казакстандагы кезексиз Президенттик шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 9 эл аралык уюмдун өкүлү байкоо жүргүздү. Алардын айтымында, саясий жараян абдан жогорку деңгээлде уюштурулган. Шайлоочулардын добушканаларды аныктоосу электрондук программа аркылуу ишке ашканы саясий жараяндын системалуу жана бир өңчөй өтүшүнө себеп болду, дешет чет өлкөлүк байкоочулар. 

АНДРЕЙ ГОРЯЧИХ, КМШ МИССИЯСЫНЫН БАЙКООЧУСУ:

- Тургундар абдан жакшы кабардар болгону көрүнүп турат. Адамдардын катары калың, ошентсе да аларга бюллетень тез берилип, узун кезекке туруу болгон жок. Бул добуш берүү жараянын системалуу уюштурулганынан кабар берет. Добушканаларды кыдыруу алкагында мыйзам бузуулар байкалган жок. Демократиялык талаптарга ылайык өттү деп айтууга толук негиз бар.

Байкоочулар шайлоочулар жогорку жигердүүлүк көрсөткөнүн белгилеп өтүштү. Ал эми Жер ортолук деңиз Парламент Ассамблеясынын элчиси Йонас-Флорина Уркан добуш берүүгө келгендердин арасында жаштардын абдан көп экенин белгилеп өттү.

ЙОНАС-ФЛОРИНА УРКАН, БАЙКООЧУ / РУМЫНИЯ:

- Таңдан бери биз бир нече добушканаларда болдук. Ал жерде 40-50 адамдын кезекте туруп, добуш берүүгө болгон жигердүүлүгүн көрүп таң калдык. Бул жаштардын жоопкерчиликти сезип, өз тандоолорун жасоого берилген мүмкүнчүлүктөрүн эффектүү пайдалана билгендигинен кабар берет.

 

Фото: election.gov.kz