Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун Казакстанга сапары

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту. Бул – абройлуу коноктун Казакстанга биринчи визити. Тараптар эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар кайсы тармактагы өнөктөштүктү тереңдетүү маселесин таалкуулашты.

Өткөн жылы Казакстан менен эски континент өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 37 миллиард доллардан ашкан. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 26 пайызга көп. Тараптар алдыдагы убакытта соода-сатык көлөмүн көбөйтүүгө келишишти.

Казакстандан Европага мунай, газ, күмүш жана цинк жиберилет. Ошондой эле, дан өнүмдөрү да экспорттолот.

Касым-Жомарт Токаев өнөктөштүктүн чек арасын кеңейтүү үчүн бир катар долбоорлордун ишке ашырылып жатканын айтып өттү.

Азыр Казакстанда 6 миңден ашуун европалык компания бар. Былтыр Евробиримдикке мүчө мамлекеттерден тартылган инвестиция көлөмү 11 миллиард доллардан ашкан.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Евробиримдик – Казакстандын маанилүү өнөктөшү. Соода-сатыктын 50 пайыздан көбү Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү. Ошондуктан сиздин жасаган сапарыңыздын да мааниси жогору. Казакстанга кош келдиңиз. Өз ара кызматташтыктын келечеги жаркын экенине ишебиз.

ДОНАЛЬД ТУСК, ЕВРОПО КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Урматтуу президент, чакыруу үчүн чоң рахмат. Мен өзүмдү сиздердин эски досуңуз катары сезем. Польшадагы кызматыма байланыштуу да, Евробиримдик жана Казакстан менен тыгыз жумуш алып бардык. Мени казактын меймандостугу ар дайым таң калтырып келет.

Фото: akorda.kz