Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңештин отуруму өттү

Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңештин отуруму өттү

Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңештин отуруму өттү. Аталган жолугушууга Казакстан, Орусия, Беларусь менен Кыргызстандын лидерлери жана Армениянын премьер-министри катышты. Ошондой эле юбилейлик саммитке Тажикстан жана Молдова өлкөлөрүнүн Президенттери да келишти. Отурумдун ардактуу коногу Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев болду. Эл башы ЕАЭБди 20 миллион чарчы чакырымды ээлеген, ири аймакта түзүлгөн уникалдуу кеңеш деп атады.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ-ЭЛ БАШЫ:

- Биз Евразиялык экономикалык биримдик, Евробиримдик, Шанхай кызматташтык уюму жана АСЕАН уюмунун ортосунда толук кандуу экономикалык кызматташтыкты  жолго салышыбыз керек. Бул абдан маанилүү милдеттер, чогуу, биргеликте иш алып барсак, ушундай идеяларды ишке ашыра алабыз. Биздин Евразиялык экономикалык мейкиндигибиздин максаты – аны аалам үчүн кенен ачуу.

Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, саммит Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгы менен Евразиялык экономикалык биримдигинин келишимине кол коюлгандыгынын 5 жылдыгына дал келди. Ал өз сөзүндө ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнө жана өнөктөштүк мамиленин бекемделишине Назарбаевдин салымы чоң экендигин белгилеп өттү.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстандын Биринчи Президентинин саясий көз карашы, алысты көрө билгенинин аркасында Евразиялык интеграция реалдуулукка айланды. Бул экономиканы кайра калыптандыруу же континенттин геосаясий ландшафтына айланды десек болот. Ошондуктан Евразиялык экономикалык биримдигинин тарыхый салымын эске алып, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путин Нурсултан Абишевичке Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңешинин Ардактуу төрагасы наамын ыйгаруу сунушун киргизди. Казакстан Республикасынын атынан демилгеси үчүн өзгөчө Орусия Федерациясынын президентине жана бардык өнөктөштөрдүн бирдиктүү колдоосуна терең ыраазычылык билдирем.

Фото: akorda.kz