БУУнун тынчтык куруу технологиялар боюнча симпозиуму

Казакстан эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш жана элдештиргич өлкө катары таанылып келет. Антиядролук кыймылды колдоо, КазБат миссиялары сыяктуу маанилүү демилгелер мамлекеттин бейпил дүйнө куруу жана дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине кош көңүлдүк көрсөтпөгөнүнүн бир далили. Нур-Султан шаарында бул багыттагы  Казакстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун өз ара кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү жагы да талкууланды. Борбордо БУУ бейпилдикти орнотуучу технологиялар боюнча өнөктөштүк маселелелерине арналган 5-симпозиуму өттү. Жыйында дүйнөлүк коопсуздук камындагы казакстандык миссиялардын эффективдүүлүгү абдан жогору бааланды.

ЖАН-ПЬЕР ЛАКРУА, БУУ БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН БЕЙПИЛДИКТИ ОРНОТУУЧУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ БОЮНЧА ОРУН БАСАРЫ:

- Мен Казакстанды БУУнун бейпилдикти орнотуучу миссияларын талап кылган аймактарда колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору мамлекет катары деп эсептейм. Мен азыр жасалма жарылуучу заттардан коргонуу маселелери боюнча, жалпы ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарды дароо аныктап, орток ишибизге түрткү бере турган жогорку билимдүү адистер тууралуу айтып жатам. Казакстан БУУга абдан тажрыйбалуу офицерлерин жибере алат.

НУРЛАН ЕРМЕКБАЕВ, РК КОРГОО МИНИСТРИ:

- БУУ Казакстанды жигердүү бейпилдикти орнотуучу мамлекет катары тааныйт. Бул республиканын Елбасы Нурсултан Назарбаев салып кеткен саясий багытты карманарын, БУУ мандатын жактарын, Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык куруучу иш-аракеттерине жигердүү түрдө катышарынан кабар берет.

Белгилей кетсек, ушуга чейин БУУ симпозиумдары Италия, Австрия, Түштүк Корея менен Германия өлкөлөрүндө өткөн.

Фото: sputniknews.kz