БУУнун өнүгүү максаттарын ишке ашыруу

БУУнун өнүгүү максаттарын ишке ашыруу

Казакстан Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу Өнүгүү максаттарын ар тараптан колдойт. 17 максаттын басымдуу бөлүгү өлкөнүн 2050-жылга чейинки стратегиясынын милдеттери мнен айкалышат. Астана экономикалык форумуна атайын келген БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер ушул жагдайды өзгөчө белгиледи. Ал эл аралык уюм өлкө Өкмөтү жана Азия өнүгүү банкы менен бирге Казакстанда Туруктуу өнүгүү максаттарынын киргизилүүсүнө колдоо көрсөтө турганын жеткирди.

МИРЬЯНА СПОЛЯРИЧ ЭГГЕР, БУУнун  БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Туруктуу өнүгүү максаттары жарандардын ал-абалын жогорулатуу, жалпы планетаны коргоо үчүн даярдалган. Казакстандын жигердүү өнүгүшүнө күбө болдук. Аны менен бирге, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук коргоо тармактарындагы маселелерди чечип, өлкөңөр туруктуу өнүгүү максаттарын киргизип жатат. Ушул багытта биз Казакстанды толук колдойбуз жана натыйжалуу иш-аракетке даярбыз.

Казакстанда Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумуш 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Мамлекеттик стратегиялык жана программалык документтердеги улуттук багыттардын аталган максаттарга шайкештигине баалоо да жүргүзүлдү. Азыр Казакстанда Туруктуу өнүгүү максаттары менен камсыз кылуу көрсөткүчү 80 пайызды түзөт.

САЛТАНАТ РАХЫМБЕКОВА, «ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА ЖАНА G-GLOBAL-ДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОАЛИЦИЯСЫ» ЗТБ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Аталган программа 2030-жылга чейин кабыл алынды. Ушул жылдын жайында биздин өлкө Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу: максаттарды киргизүүдө бейөкмөт уюмдардын ролу жана жетишкендиктери боюнча улуттук серепти биринчи жолу көрсөтөт. Республикада алгылыктуу иштер аткарылганын белгилей кетким келет.

Фото: greenbiz.com