Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелери талкууланды

Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюм мейкиндигиндеги коопсуздук менен туруктуулук тармагындагы кырдаал талкууланды. Кыргызстандын борборунда аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 14-салттуу жолугушуусу өттү.

ВЛАДИМИР НОРОВ, ШКУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеш катчылары сегиз жактуу форматта уюм мейкиндигиндеги, аймактагы жана жалпы дүйнөдөгү кырдаал тууралуу пикир алмашты. Аны менен бирге, өлкөлөрдүн коопсуздугунда пайда болгон коркунуч менен азыркы чакырыктарга туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болду.

Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары дүйнөлүк интернетке терең көңүл бөлдү. Жолугушууда интернет менен башка да маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу террористтик идеологияны таратууга каршы аракет кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө убадалашты. Аны менен бирге, Астана жараянынын Сирия маселесин чечүүдөгү эң маанилүү чараларынын бири экени белгиленди.

ДАМИР САГЫНБАЕВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ:

- Терроризмге жана экстремизмге каршы аракет кылуу шылтоосу менен мамлекеттин ички иштерине аралашууга жол бербөөгө, аны менен катар, террористтик,  экстремисттик жана радикалдык топторду пайдалануунун ыңгайсыздыгына терең маани берилди. Тараптар терроризм, сепаратизм менен күрөштө ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын 2019-2021-жылдарга арналган программасын комплекстүү ишке ашыруунун керектүүлүгүн белгилеп өтүштү.

Шанхай Кызматташтык уюмунун Коопсуздук кеңеш катчыларынын Бишкекте өткөн жолугушуусу кулжа айынын ортосуна белгиленген уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитине даярдык алкагында өткөрүлдү. Күн тартибинде ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук маселелери каралат. Эскерте кетсек, азыркы кезде уюмга сегиз мамлекет мүчө – Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. 

Foto: www.infoshos.ru