Казакстанда шайлоонун үгүт иштери башталды

Казакстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы жети талапкерди каттады. Алар: «Nur Otan» партиясынын атынан Касым-Жомарт Токаев, «Улуу талаа кыраандары» республикалык кыймылынын атынан Садибек Түгел, «Касиподактар федерациясынан» Амангелди Таспихов, «Ак жол» Казакстан демократиялык партиясынын атынан Дания Еспаева, «Ауыл» элдик-демократиялык патриоттук партиясынан Төлеутай Рахымбеков, «Казакстан Коммунисттик Элдик партиясы» коомдук биримдигинин атынан Жамбыл Ахметбеков жана «Улут тагдыры» улуттук патриоттук кыймылынан Амиржан Косанов.

АНДРЕЙ ЧЕБОТАРЁВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Талапкерлер үчүн эң башкысы жарандар менен диалог орното билүү, ар түрдүү аудиториялар менен тил табышуу. Анткени казакстандык коом ар түрдүү.

Белгилей кетсек, ушул күнү кезексиз президенттик шайлоого 67 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Алар – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламент аралык Ассамблеясы, Ислам кызматташтык уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан келе турган миссиялардын өкүлдөрү. Жалпы байкоочуларды каттоо кулжа айынын үчүнө чейин уланат.

ЗАУРЕШ БАЙМОЛДИНА, БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык Уюму Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун 22 байкоочусун аккредитациядан өткөрдүк. Сунушка БШКнын мүчөлөрү колдоо көрсөттү.

Үгүт кампаниясы кулжа айынын сегизинде аяктайт. Президенттик шайлоого бир күн калганда, башкача айтканда, кулжа айынын сегизи Казакстанда тынчтык күнү. Эскерте кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо кулжа айынын тогузуна белгиленген.

Фото: egemen.kz