«Бир алкак, бир жол» эл аралык форуму

«Бир алкак, бир жол» эл аралык форуму

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Бээжинде «Бир алкак, бир жол» эл аралык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү. Нурсултан Назарбаев Кытай Эл Республикасына өлкө төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды. Елбасы өз сөзүндө Казакстан башынан баштап аталган дүйнөлүк долбоорго колдоо көрсөтүп келгендигин белгилеп өттү. Анын айтымында, бул демилгенин алкагында соода көлөмү өсүп, 5 триллион доллардан ашты. Акыркы он жылда Казакстан инфраструктура менен унаа логистикасына 30 миллиард долларга жакын каржы салган. Бул кыска мезгилдин ичинде Казакстанда заманбап жана атаандаштыкка туруктуу хаб курууга мыкты мүмкүнчүлүк берди.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ:

- «Бир алкак, бир жол» долбоору менен ЕАЭБдин келечегин караштырып, эгер ага Евробиримдик кошулса, Евразиялык чоң субконтинентте бардыгыбызга гүлдөө үчүн эффективдүү дүйнөлүк интеграция орун алмак. Бүгүнкү күндө Жибек жолунун дагы да өзгөрүп жатканын байкадык. Иш жүзүндө ал ааламдыктын, катаал реализмдин көптөгөн теорияларын жокко чыгарды. «Бир алкак, бир жол» курулушу аркылуу Кытай төрагасы Си Цзиньпин адамзаттын бирдиктүү тагдырын курууга үндөп жатканына абдан кубанычтамын.

Форумга 37 өлкөнүн президенти менен өкмөт башчылар катышты. Орусия Президенти Владимир Путин Евразия мейкиндигиндеги бардык өнөктөштөр менен тыгыз карым-катнаш орнотууга кызыктар экенин белгилеп өттү. Өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын төрагасы долбоорду ишке ашыруунун масштабдуулугу ар түрдүү мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдей турганын жана экономикалык өсүш, ошондой эле экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталганын кошумчалады.  

СИЦЗИНЬПИН, КЭРдин ТӨРӨГАСЫ:

- “Бир алкак, бир жол” долбоорун биргеликте ишке ашыруу демилгеси тажрыйбалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган, баарынан мурда, өз ара байланыш, коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу жаатында эң негизгиси өз ара пайдалуу жетишкендикке жетүү. Биргелешип аракет кылуунун аркасында көптөгөн мамлекеттер менен портторду бириктире турган алты деңиз, алты магистралдын конструктивдик кызматташтыгы жолго коюлат.

Фото: inform.kz