БУУнун өкүлдөрү Казакстандагы саясий өзгөрүүлөр тууралуу

Казакстандагы саясий өзгөрүүлөр – туруктуу жана өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшкөн мамлекеттин белгилери. Бириккен Улуттар Уюмунун абройлуу өкүлдөрү ушундай пикирде. Алар Биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин көрөгөч саясатты карманып, жаркын келечекти көздөгөн тарыхый демилгелерине жана азыркы Президент Касым-Жомарт Токаевдин эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалашат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын орун басары Мирослав Енча маалымдады.

МИРОСЛАВ ЕНЧА, БУУнун КАТЧЫСЫНЫН САЯСИЙ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Казакстандагы өзгөрүүлөр тынчтык жана демократиялык жол менен өтүп жатканы абдан маанилүү. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Биринчи Президент Нурсултан Назарбаев жана Президент Касым-Жомарт Токаев менен жылуу карым катнашта. Биз Биринчи Президент Нурсултан Назарбаев менен ал баштаган Казакстан өкмөтүнүн демилгелерин жогору баалайбыз. Бул – Семейдеги ядролук полигондун жабылуусу жана ядролук куралдан эркин дүйнө үчүн күрөштү улантуусу.

Мирослав Енча туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүүдөгү Казакстандын колдоосун өзгөчө белгилеп өттү. Бул милдеттер БУУнун башкы программасы катары саналат. Ошондой эле, Башкы катчынын жардамчысы өлкөнүн Борбор Азиядагы аймактык  кызматташтыкка кошкон салымы жана чыр-чатактарды чечүүдөгү өзгөчө орду тууралуу да айтып өттү.

МИРОСЛАВ ЕНЧА, БУУнун КАТЧЫСЫНЫН САЯСИЙ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Эң биринчи Астана жараянын белгилеп өткүм келет. Ал Сириядагы кырдаалды жөндөөгө жана узакка созулган ушул чыр-чатакты чечүү жолдорун табууга мыкты салым кошту. Казакстан 2017-2018-жылдары Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары БУУ жумушуна абройлуу катышканын айтуу керек. Нурсултан Назарбаев жеке өзү ар түрдүү демилгелерди сунуштап, тынчтык менен коопсуздукту камсыз кыла турган ушул башкы органдын жумушунда алгылыктуу из калтырды.

Мирослав Енча Президент Касым-Жомарт Токаевдин БУУда аткарган ишин жогору баалады.

Фото: kazpravda.kz