«Бабалар изи менен» Грузияда

Грузия тарыхындагы алтын учурларды калыптандырууга кыпчак жоокерлери да салым кошкон. Буга ошол замандан калган тарыхый экспонаттар күбө. Алардын бир катарын «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын мүчөлөрү кыдырып көрүштү. Те́три-Цка́ро – байыркы шаарча. Дал ушул райондо Тамара канбийкесинин сүйүктүү резиденциясы болгон. Тарыхый маалыматтарга ылайык, Давид төртүнчү өзүнө жардамга келген кыпчак жоокерлеринин бир бөлүгүн дал ушул Самшвилдеге жайгаштырган. Ага далилдерди мүрзөнүн үстүндөгү таштардан көрүүгө болот.

ГҮЛНАРА НАТРАДЗЕ,  ТАРЫХЧЫ:

- Бул абдан байыркы чеп. Бул жер кыпчактар келгенге чейин эле шаар болгон. Ошентсе да, Давид төртүнчү өз мамлекетин жоодон коргоо үчүн кыпчак жоокерлерин жардамга чакырып, ушундай чек арага жакын райондорго жайгаштырат. Аларга болушунча шарт түзүү үчүн жөнөкөй жашоочулардан кыпчак салыгы жыйналган. Бул тууралуу грузин авторлорунун чыгармаларында айтылат. Керек болсо, өлкөгө кайткысы келген жоокерлерди калтыруу үчүн сулуу кыздарын берген деген маалыматтар бар.

Самшвилдеден кийин экспедиция мүчөлөрү Джавахе́тиядагы Ва́рдзиа монастырына багыт алды. Бийик тоонун ташын талкалап салынган үңкүр сыяктуу чептин курулушу 12-кылымда Георгий үчүнчүнүн тушунда башталып, кызы Тамаранын дөөлөт курган чагында аяктаган. Анын узундугу 500 метр, ал эми туурасы 50 метр. Анын ичине 15 миңге чейин адам баткан.

САПАР ЫСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Аталган монастырь Кура́ дарыясында жайгашып, түштүктөн чабуул жасай турган ирандыктар менен түрктөрдөн коргогон. Бул жерге Георгий үчүнчү менен Тамара канбийкенин бийлик жүргүзгөн мезгилинде Кубасар өз жоокерлери менен келген деген маалымат бар. Андан кийин Тамаранын бардык каржы бөлүмүн башкарган Кутлу Арсылан келиши мүмкүн. Давид төртүнчү, анын атасы Георгий үчүнчү жана Тамара канбийкенин бийлик жүргүзгөн мезгилинде биздин ата-бабаларыбыз ушул жерде жашап, Грузиянын чек арасын коргогон.

Кура́ дарыясынын ошол жээктериндеги бийик аскага салынган чепте китепкана, кампа, мончо жана чиркөө болгон. Алардын бир азы жер титирөөдөн кыйрап калган. «Бабалар изи менен» экспедициясы эми 13-16-кылымдарда Атабек кыпчак-түрк мамлекетинин борбору болгон Ахалци́хе шаарына ат тизгинин буруп, рабат чептеринин тарыхы менен таанышат.

Фото: turj.ru