Түштүк Корея Президентинин Казакстанга мамлекеттик сапары

Түштүк Корея Президентинин Казакстанга мамлекеттик сапары

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев  Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы карым-катнаштарын талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече келишим менен меморандумга кол коюлду. Көз карандысыз жылдар алкагында Казакстан менен Кореянын ортосунда дээрлик бардык багыттарда жогорку деңгээлдеги өнөктөштүк орногон. Өткөн жылы Казакстан менен Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү рекорддук көрсөткүчкө - 4 миллиард долларга жеткен.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бүгүнкү күндө Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыш жогорку деңгээлге жетти деп терең ишеним менен айта алабыз. Биринчиден, саясий жактан өз ара кызыкчылыктарыбызды урматтоого негизделген кызматташтыктын эффективдүү үлгүсүн калыптандырдык. Биз бардык деңгээлде тыгыз байланыш орноттук. Күн тартибиндеги бардык маселелер ишкердик жана үзүрлүү чечимдерин табууда. Эки жактуу карым-катнаштарды өнүктүрүүдө Биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин өзгөчө ролун белгилей кетүү керек.

МУН ЧЖЭ ИН, ТҮШТҮК КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан – Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында жигердүү өнүгүп  келе жаткан мамлекет. Төртүнчү өнөр жайлык төңкөрүш  доорунда Казакстандын 2050-жылга арналган мамлекеттик стратегиясын баалай отуруп, биз Корея Казакстан үчүн эң эффективдүү шериктеш болот деп ойлойбуз. Соода-сатык, инвестиция, инфраструктурадагы байланыш бекемделип жатат. Эми мындан ары өнүгүү тармактары болгон – ІТ технологиялары, өнөр жай багытындагы инновациялар, медицина, саламаттыкты сактоо жана космос жаатындагы өнөктөштүктү жакшыртуу керек.

Фото: akorda.kz