Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга сапары

Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга сапары

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчылар кызматташтыкты бекемдөө тууралуу убадалашты. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен маалымдамага кол коюшту. Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы калыптанган мамилелер менен аймактык интеграцияны бекемдөөгө багытталган Казакстандын азыркы тышкы саясий багыты сакталарына ишендиришти. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө арналган брифингде мамлекет башчылары эки ортодогу сооданын оң жигердүүлүгүн жогорулатып, экономикалык кооперация менен инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча орток пикирде экенин белгилеп өтүштү. Ошондой эле, Казакстан менен Өзбекстан шаарлардын ортосунда кошумча аба жана темир жол маршруттарын ишке кошуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга келишишти. Суу-энергетикалык тармакта да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуу ачык жана өз ара толук түшүнүшүү деңгээлинде өткөнүн билдирди.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан башчысы катары Елбасынын саясат жараянынын улануусун камсыз кылып, Казакстан менен Өзбекстан өлкөлөрүнүн ар тараптуу интеграциясын улантууга кызыктармын. Бүгүн кол койгон биргелешкен маалымдама – анын далили. Документте кызматташтыктын башкы ийгиликтери менен келечектеги чек аралар орун алды. Шавкат Мирзиёев экөөбүз маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Айрыкча экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө басымдуулук берилди. Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азияда соода- экономикалык тармакта лидер өлкөлөр экени белгилүү. Бүгүнкү күндө аймактык сооданын 50 пайызы биздин үлүшүбүздө. Ушул көрсөткүчтү сактап калуу үчүн ар түрдүү иш-чаралар кабыл алынып жатат жана кабыл алынат.

ШАВКАТ МИРЗИЁЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бүгүн биз чакан жана кеңейтилген курамда кызматташтыктын бардык багыттары боюнча ачык жана өз ара ишенимге негизделген маанилүү аңгеме курдук. Ушунун натыйжасында бир нече келишимге кол коюлду. Аны менен катар, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу жолунда атайын жол картасын даярдоого келиштик. Кызматташтыгыбызды мындан ары бекемдөөгө күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Биздин сунушубуз боюнча өкмөт аралык комиссия деңгээлин премьер-министрлер деңгээлине көтөрөрүбүздү колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Бул эки өлкөнүн ортосунда калыптанган кызматташтык байланыштарга жаңы түрткү берет. Дагы белгилей кетүүчү жагдай, кабыл алынган жол картасы алдыдагы убакытта толугу менен ишке ашырылат.

Тараптар коопсуздук темасын жана коркунучтар тууралуу да сөз козгошту. Ошондой эле, өлкөлөр Ооганстандагы маселелерди чечүүдө күч аракеттерди бириктирүү, ушул өлкөдө коомдук долбоорлорду ишке ашырууга келишишти. Өлкөлөрдүн биргелешкен иш-аракеттери менен Арал деңизин куткаруу иши улантылат. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Президентин Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапары менен келүүгө чакырды.

Фото: akorda.kz