Казакстандагы кезексиз шайлоо боюнча пикир

Казакстандагы кезексиз шайлоо боюнча пикир

Кезексиз шайлоо Казакстанга туруктуу коомдук-экономикалык өнүктүрүүнү улантууга мүмкүнчүлүк берет. Эскерте кетсек, өлкөдөгү маанилүү саясий окуя кулжа айынын тогузуна мерчемделген. Шайлоонун өтүүсү чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да маанилүү. Казакстан инвестиция үчүн тартымдуу мамлекет. Республикадагы саясий өзгөрүүлөргө терең маани берген чет өлкөлүк ишкерлердин катарында Казакстан экономикасына 300 миллион доллар инвестиция салган эл аралык компаниянын башкы мүдүрү да бар. Ги Сидос өлкөдөгү бийликтин мыйзамдуу түрдө алмашуусу – туруктуулуктун кепили деген пикирде.

ГИ СИДОС, VICAT КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Казакстанга алгылыктуу каржы салган компания үчүн өлкөдөгү саясий туруктуулук узак мезгилдүү мерчемдөө үчүн абдан маанилүү. Бул экономикалык туруктуулуктун да кепили болуп келет. Казакстандагы бийликтин транзити тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул суроого биз абдан жөнөкөй, ачык жана олуттуу жооп алдык. Аны менен бирге, ушундай жооп Франциянын ишкер топторуна да жагып жатат.

Ал эми Армениянын саясат таануучусу Виген Акопяндын пикиринде, алдыдагы шайлоо Казакстан менен Армения өлкөлөрүнүн карым-катнашын жаңы деңгээлге чыгарууга жол ачат. Туруктуулук, ички жана сырткы саясаттагы эрежелердин ачыктыгы Казакстандагы Президенттик шайлоо жараянындагы басымдуулук катары саналат, дейт ал.

 

ВИГЕН АКОПЯН, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Армения менен карым-катнаш жагынан айта турган болсок, Казакстандын туруктуу өнүгүшү биздин өлкө үчүн да абдан маанилүү. Себеби, Армения ушундай мамлекет менен ишенимдүү өнөктөштүктү улантууну каалайт. Аны менен катар, сиздердин өлкө – экономикасы туруктуу, өнүгүп келе жаткан республика. Казакстанда шайлоо өткөндөн кийин, казак эли жаңы Президентти шайлагандан кийин Армения менен Казакстандын саясий жана экономикалык тармактагы шериктештиги жаңыча уланат деп ойлойм. Мен бул нерсеге ишенем.

Казакстандык ишкерлер кезексиз шайлоону өткөрүү өлкөнүн жигердүү өнүгүшүн басаңдатпоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Себеби, президенттин шайлануусу коомдук – экономикалык багытынын туруктуулугунун кепили катары саналат.

АБЫЛАЙ МЫРЗАХМЕТОВ, КР «АТАМЕКЕН» УКП БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Эң башкысы Нурсултан Назарбаевдин стратегиялык багытын негизге алып, модернизацияны, өлкө ичиндеги биримдикти, коомдук-экономикалык абалды сактоону, бекемдөөнү көздөгөн багытыбыз мындан ары уланары анык.

Кезексиз президенттик шайлоо өлкөдөгү бийликтин алмашуусунун корутундусу болот. Бул жараян туруктуулукка көнгөн, тынчтыкты туу туткан жана бүткүл аймактын бакубатчылыгына умтулган жалпы өлкө үчүн керек.

Фото: bnews.kz