Шайлоого талапкерлерди сунуштоо чын куран айынын 28де аяктайт

Шайлоого талапкерлерди сунуштоо чын куран айынын 28де аяктайт

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Ага ылайык, талапкерлерди көрсөтүү кампаниясы чын куран айынын 28де аяктайт. Талапкерлерди саясий партиялар менен республикалык коомдук бирикмелер көрсөтө алат. Талапкерлерди каттоо жараяны бугу айынын 11де жыйынтыкталат. Андан соң шайлоонун эң маанилүү деп эсептелген иш-чаралары башталат. Талапкерлердин үгүт иштери кулжа айынын сегизинде түн ортосунда токтойт. Андан соң – «Тынчтык күнү» уланат. Ал эми казакстандыктар жаңы Президентти кулжа айынын тогузунда тандашат. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары кулжа айынын 11де чыгат. Расмий жыйынтык 16нан кечиктирилбей белгилүү болууга тийиш.  

КОНСТАНТИН ПЕТРОВ, КР БШК ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2019-жылы үчтүн айынын бириндеги кырдаал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар реестрине добуш берүү укугу бар 11 миллион 814 миң 19 жаранды каттаган. Ушундай шарттарда, ар бир талапкердин колдоосуна 118 миң 140 кол топтоо керек. Шайлоочулардын колун топтоону президенттикке талапкерлердин ишенимдүү адамдары уюштурат. Ишенимдүү адамдарды каттоо жана колунун түп нускалыгын текшерүү менен паспорт кызматынын кызматкерлерин тартуу аркылуу аймактык шайлоо комиссиялары алектенет.