Польшада Казакстандын ардактуу консулдугу ачылды

Польшада Казакстандын ардактуу консулдугу ачылды

Польшанын Вроцлав шаарында Казакстандын ардактуу консулдугу ачылды. Бул Польшадагы Казакстандын үчүнчү ардактуу консулдугу. Бул борбор эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиленин орногонунун 27 жылдыгынын алдында ачылды. Бүгүнкү күндө Польша экономикасы боюнча Европада алтынчы орунда турат, ал эми Казакстан Борбор Азиядагы алдыңкы өлкө. Эки мамлекет тең соода-экономикалык байланышын бекемдеп, товар жүгүртүүсүн көбөйтүүнү көздөйт.

МАРУЛЛАН БАЙМУХАН, КАЗАКСТАНДЫН ПОЛЬШАДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Президентибиз Касым-Жомарт Токаев тышкы иштер министрлигине жаңы милдеттерди койгон. Белгилеп айта турган болсок, бул – тышкы саясатыбызга экономикалык сыпат берүү. Инвестиция тартуу жагынан Казакстан менен Польшанын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүдө ардактуу консулдардын ролу абдан жогору. Далил катары, Гданьск шаарындагы ардактуу консулдугубузду белгилей кетким келет. Ал – Казакстандагы фармацевтикалык рынокто иштетүүчү тармактын ири инвесторлорунун бири катары саналат. Аны менен катар Краков шаарындагы экинчи ардактуу консулдугубуз узак жылдар бою ири химиялык концерндин башкармалыгынын төрагасы болуп келет. Ал эң алды менен казакстандык сары фосфорду европа рыногуна экспорттоого өздүк салым кошуп жүрөт.

Жаңы ардактуу консул - профессор, Ph.d доктору жана «акылдуу үйлөрдү» салууга адистешкен ири ишкер. Ежи Бар ушул кызматында казакстандык экспортту алдыга жылдыруу, өлкөгө инвестиция тартуу жана аймак аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү менен алектенет.

ЕЖИ БАР, КАЗАКСТАНДЫН ВРОЦЛАВ ШААРЫНДАГЫ АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

- Биз жигердүү түрдө үч милдетти аткарабыз. Белгилеп өтө турган болсок, ал туризм, илим жана айыл чарбасын өнүктүрүү. Аны менен бирге Польшада өтө турган ири туристтик көргөзмөлөргө казакстандык компанияларды катыштыргыбыз келет. Ошондой эле, студенттер менен окутуучулардын арасында билим алмашуу тажрыйбасын да колго алууга кызыктарбыз. Айыл чарба тармагында казакстандык өнүмдөрдүн экспортун өнүктүрүп, чакан жана орто бизнес тармагында кызматташтык орнотууну көздөп жатабыз.

Ардактуу консулдукту ачуу салтанатына Польша депутаттары, тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ишкерлер менен Европа жана Азия өлкөлөрүнүн дипломаттары катышты. Иш-чара алкагында күү атасы болгон Курмангазы менен Нургиса Тлендиевдин чыгармалары аткарылып, элдик бийлер көрсөтүлдү.