Казакстан менен ЕККУ кызматташтыгын улантат

Казакстан менен ЕККУ кызматташтыгын улантат

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм менен кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчактын айтымында, Уюм Борбор Азиядагы Казакстандын жигердүү жана конструктивдүү ролун колдойт. Аны менен катар, ал терроризмге каршы күрөштөгү аймактык кызматташтыктын жаңы оң динамикасын белгилей кетти.

МИРОСЛАВ ЛАЙЧАК, СЛОВАКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ, ЕККУ ТӨРАГАСЫ:

- Казакстан Республикасы 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна абдан ийгиликтүү төрагалык кылды. Ошол кезде уюштурулган маанилүү сүйлөшүүлөр 21-кылымда уюмдун алкагында өткөрүлгөн эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу катары кала берет. Ал эми, кабыл алынган документтер азыркы күнгө чейин өзүнүн маанилүүлүгүн жоготкон жок деп айтар элем.

Тараптар уюмду жаңы жумуш түрүнө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты. Ушундай шарттарда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун орундуу байланышы боюнча темалык борбор түзүү каралууда. Анын негизги аткарган милдеттери - экономикалык, экологиялык өлчөмдөр. Аны менен бирге жолугушууга катышуучулар Казакстан-Словакия кызматташтыгынын өзөктүү маселелерин талкуулашты.

Фото: inform.kz