Казакстанда кулжа айынын 9да кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Казакстанда кулжа айынын 9да кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчысын шайлоо 2019-жылдын кулжа айынын тогузуна белгиленди. Касым-Жомарт Токаев алдыдагы шайлоонун ачык жана адилеттүү болоруна кепилдик берерин белгилеп өттү.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кезексиз шайлоо тууралуу чечим кабыл алуу абдан маанилүү жана керектүү кадам деп эсептейм. Ошондуктан, өлкөдөгү коомдук саясий келишимди камсыз кылып, алдыга кадам шилтөө үчүн, коомдук- экономикалык максат-милдеттерди ылайыктуу ишке ашыруу үчүн бизге ачыктык керек. Анын үстүнө, дүйнөдөгү абал бүркөө болуп турат. Бул Мекенибиздин коопсуздугуна коркунуч алып келүүсү мүмкүн. Биз ички жана тышкы саясатыбыздын айкалышуусун, божомолдуулугун жана туруктуулугун далилдешибиз керек Эл башы сунуштаган коомдук программаларды ойдогудай ийгиликтүү жана эффективдүү ишке ашырышыбыз керек. Мындай чечим бир гана элдин өз эрки менен шайлоодо кабыл алынуусу зарыл. Казакстан – демократиялык мамлекет. Президент элдин тандоосу менен шайланат.

Президент мезгилинен мурда шайлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жакынкы убакытта Борбордук шайлоо комиссиясы иш-чаралар мерчемин бекитет деп күтүлүүдө. Документте шайлоо кампаниясынын бардык шарттары жана жол-жоболору камтылат. Белгилеп айтканда, талапкерлерди сунуштоо жана каттоо убакыты белгиленди, ошондой эле шайлоо  кампаниясына канча убакыт жумшалары такталды. Белгилей кетсек, республикалык коомдук биримдиктерден бир гана талапкер Мамлекет башчысы болуу үчүн шайлоого катыша алат.