Казакстан ядросуз дүйнө кыймылынын лидери

Казакстан ядросуз дүйнө кыймылынын лидери

Тышкы саясатта өзгөнү өзүндөй көргөн Казакстандын антиядролук мыкты иштери кеңири белгилүү көпчүлүккө үлгү. Жапырт кырып-жок кылуу күчү, кооптуу куралдан эркин аалам түзүү. Башкалар сестенген бул коркунучтан биринчилерден болуп баш тарткан өлкөнүн олуттуу кадамы көпчүлүктүн кыялдары менен төп келип жатканы чын. Бүткүл дүйнөнүн коопсуздук маселелерине салым кошуп жүргөн мамлекет Ирандын ядролук программасын иреттөө үчүн «Р5+1» үлгүсүндөгү сүйлөшүүлөр аянтынын сунуштаганы белгилүү. Ядрону коркунучтуу куралга айландырып ачуу каатчылыктарын тартпастан, тескерисинче тынчтык максатта керекке жаратуу Казакстандын энчисинде. Бул багытта Казакстанда төмөн байытылган уран банкын эске алууга болот. Казакстандын ушул багыттагы кадыр-баркы менен тажрыйбасы дүйнө коомчулугу үчүн абдан баалуу.

ЛИ СИ ХЁН , КОРЕЙ ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

-Адамзат тарыхында ядролук мүмкүнчүлүктөрдү экономикалык өнүгүүгө алмаштырган бир гана мамлекетти билем. Ал – Казакстан. Бул нерсени бүткүл дүйнө моюндап жатат. Бүгүнкү күндө Түндүк Корея да ядролук куралдан экономиканы өнүктүрүү үчүн баш тартууга кызыктар болуп жатышат. Биз түштүк Кореялык жана Казакстандык серепчилер менен биргелешкен кызматташтыкты орнотуу маселелерин терең талкууладык. Казакстандын ушул тажрыйбасын кабыл алып, Түндүк Корея өлкөсүндө таанытабыз деп үмүттөнөм.

ИГОРЬ РОГОВ, КР БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

-Кореялык өнөктөштөрүбүздүн эмне себептен Казакстанга абдан көңүл бөлүп, биздин тажрыйбабызды тандаганын түшүндүрүүнүн кереги жок деп ойлоймун. Анткени, мамлекетибиз дүйнөлүк коомчулукта өзү дүйнөлүк деңгээлде ядролук куралсыздандыруу маселесин жигердүү  көтөрүп жүргөн өлкө катары белгилүү. Биздеги Семей ядролук сынактар полигону жабылган баш оона айынын жыйырма тогузу дүйнөдө атомду тынчтык максатта колдонуу ураан менен белгилеп өтүүсү да жөн жерден эмес. Ал ушул багыттагы кызматташтыктын артыкчылыгын көрсөтөт.

Фото: unmultimedia.org​