Нурсултан Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстан көрүнүктүү ийгиликтерге жетти

Нурсултан Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстан көрүнүктүү ийгиликтерге жетти

Нурсултан Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстан көрүнүктүү ийгиликтерге жетип, дүйнөлүк саясат аянтынан өз ордун тапты. БУУ Башкы катчысынын орун басары Алисон Смэйл ушундай пикирде. «Нью-Йорк таймс», «Интернэшнл хЕральд трибюн» басылмаларында иштеген Алисон Казакстандагы окуяларды ар дайым көңүл чордонунда кармайт. Өлкөдөгү акыркы өзгөрүштөр мамлекетти жаңы ийгиликтерге жетелейт, дейт ал. 

АЛИСОН СМЭЙЛ, БУУ КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Нурсултан Назарбаевдин өз ыйгарым укуктарын мезгилинен мурда токтотуусу – маанилүү кадам. Ал Казакстандын жаркын келечеги үчүн эмгек кылды. Нурсултан Назарбаев мамлекетти далай кыйынчылыктардан алып чыгып, калк менен бирге далай бийикти багындырды. Республиканын акыркы жылдары жетишкен ийгиликтерине дүйнө күбө. Казак элинин ачыктыгына, меймандостугуна ыраазымын.

Казакстандын Биринчи Президентин жапон саясатчылары тынчтыкты жайылтуучу, тынчтык куруучу катары тааныйт. Жапония Парламентинин өкүлдөрү бүгүнкү күндө Казакстан Батыш өлкөлөр менен, Борбор жана Чыгыш Азия менен тыгыз карым-катнаш орнотуп жатканын айтат.

НАОКАДЗУ ТАКЕМОТО, ЖАПОНИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ӨКҮЛДӨР ПАЛАТАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Казакстандын Биринчи Президенти өлкөнүн өнүгүшү үчүн аянган жок. Мамлкетти эң сонун ийгиликтерге жетеледи. Ага кошо дүйнөдөгү тынчтыкты жайылтууда алгылыктуу салым кошту. Жапония парламентарийлери Назарбаев бийликке келген кезде ядролук куралсыздандыруу тармагында үзүрлүү эмгек жасаганын жакшы билет. Ошондуктан бир нече жыл мурун мен, жана менин кесиптештерим Нурсултан Назарбаевге Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшыруу боюнча демилге көтөргөнбүз.

Фото: akorda.kz