Казакстанда Европа кеңешинин аймактык кеңсеси ачылды

Казакстанда Европа Кеңешинин аймактык кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Страсбургта Европа Кеңешинин тышкы байланыштар боюнча министрлер комитетинин отурумунда белгилүү болду. Казакстанда адилетүүлүк системасынын эффективдүүлүгүн жакшыртууга арналган Европа Кеңеши менен Евробиримдиктин биргелешкен үч жылдык программасынын жумушу ийгиликтүү аякталып, Казакстан Европа Кеңешинин үч жылдык документине кошулганын белгилей кетүү керек. Страсбургта ата мекендик делегация ушул программанын экинчи кезеңин ишке кошуу маселесин талкуулады. Ал Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө бирдей ишке ашырылат. Аны менен катар, Европа Кеңеши Башкы катчысынын орун басары Габриела Баттаини-Драгони менен жолугушууда тарапташтар  Казакстан сот системасын мындан ары модернизациялоо багытындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулады.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Программанын ийгиликтүү ишке ашканын казакстандык адистер гана эмес, Европа Кеңешинин башчылыгы да белгилеп жатышат. Ошондуктан анын мезгилин узартып, жаңы программа даярдоо керек деген ишеним кабыл алынды. Ал бир гана Казакстан республикасын эмес, аймактын башка өлкөлөрүн да камтыйт. Аны менен бирге, программа 2019-2022-жылдар аралагында ишке аша турган аймактык программанын негизин түзөт. 2017-жылы Венеция Комиссиясы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен улуттук мыйзам чыгаруу менен Конституциябызды реформалоону оң кадам деп баа берип, колдоо билдирген.

ДЖАННИ БУКИККИО, ЕВРОПА КЕҢЕШИНДЕГИ ВЕНЕЦИЯ КОМИССИЯНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстан республикасы менен ортодогу көп жылдык байланыштар жакшы өнүгүп келе жатат. Кезинде биз мыйзам чыгарууну жетилдирүү, акыйкатчы Институтун өнүктүрүү, аны менен бирге, Казакстан, Беларусия жана Орусия өлкөлөрүнүн катышуусу  Бажылык Биримдиктеги мүчөлүк боюнча мыйзам актлары аркылуу ынтымакта иштейт. Сот системасынын конституциялык реформасын да талкуулап, 2017-жылы Казакстандын Конституциясына өзгөрүштөрдү киргизүү боюнча биргеликте иш алып барганбыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү тема болгон. Кызматташтыгыбыздын акыркы 20 жылында сиздердин өлкөңүздөрдө демократиянын өнүгүшүн жетилдирүүдө алгылыктуу иштер аткарылды.  Бул биздин орток максатыбыз.

Фото: news-front.info