Эл аралык уюмдардын Казакстандагы саясий өзгөрүштөргө пикири

Эл аралык уюмдардын Казакстандагы саясий өзгөрүштөргө пикири

Казакстандын кадамдары башка өлкөлөргө үлгү. Мындай пикирин тынчтык менен туруктуу өнүгүү үчүн эл аралык федерациясынын президенти Салли Кадер билдирди.  Анын айтымында, республикада орун алган өзгөрүштөр өлкө башчылыгынын элдин келечеги үчүн жүргүзүп келе жатканын көрөгөчтүк саясатынын ачык далили.

САЛЛИ КАДЕР, ТЫНЧТЫК МЕНЕН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстандагы алмашуу абдан байсалдуу, тынч өттү, бул – азыркы кезде өтө сейрек көрүнүш. Биринчи Президент үзүрлүү эмгек аткарып, Казакстанды бүткүл дүйнөгө таанытты, көп демилгени сунуштаган, анын арасында Сириядагы кырдаалды жол-жоболоштуруу бар. Казакстан элине бир гана жакшылык тилеймин. Өлкөңүздөрдө тынчтыкты бекемдөөгө көп эмгек кылган максаттарына бекем, мээримдүү адамдар турат. Президент Касым-Жомарт Токаевди куттуктап, Биринчи Президент Нурсултан Назарбаевге өз ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Бул пикир менен Бириккен Королдук Парламентинин Жамааттар палатасынын депутаты Боб Стюарт да келишет. Ал Нурсултан Назарбаевдин демократиялык мамлекет түзүүдөгү жаратмандык эмгегине күбө.

БОБ СТЮАРТ, БРИТАНИЯЛЫК ПАРЛАМЕНТТИН ЖАМААТТАР ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Бул – Казакстандын Борбор Азия менен Алыскы Чыгышка мыкты демократия модели боло аларын көрсөтөт. Президенттин ыйгарым укуктарын токтотуп, башкага жол берүүсү – жогорку көрөгөчтүктүн белгиси. Болгону 30 жылдын ичинде Казакстандын биринчи президенти бийликте туруп, чоң ийгиликтерге жеткире билди. Экономиканы гүлдөтүп, мамлекетти мыкты 50 өлкөнүн катарына кошту.

Ал эми, Европадгы перспективалык талдоо жана коопсуздук институтунун президентинин ою боюнча,  Казакстанда орун алып жаткан кырдаал – бийлик системасын өзгөртө турган эволюция. Бийликти демократиялык жол менен тапшыруу Казакстандын өзгөрүп жатканын дагы бир жолку далили.

ЭММАНУЭЛЬ ДЮПУИ,  ЕВРОПАДАГЫ ПЕРСПЕКТИВАЛЫК ТАЛДОО ЖАНА КООПСУЗДУК ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бийликти демократиялык   жол менен тапшыруу аркылуу ал Казакстандын жана Борбор Азиянын өзгөрүп жатканын тастыктап жатат. Анын аркасында саясатчылардын жаңы муунуна жол ачылат. Ошондой эле, бул бийлик системасын өзгөртө турган эволюция экени талашсыз. Өзгөрүшкө болгон умтулуу бир гана саясий деңгээлде гана болбостон, аны менен бирге ал Казакстан коомун да кыймылдатышы мүмкүн.

Фото: akorda.kz