Украина саясатчылары: Н. Назарбаевдин чечими өлкө үчүн мыкты үлгү болуп калат

Украина саясатчылары: Н. Назарбаевдин чечими өлкө үчүн мыкты үлгү болуп калат

«Нурсултан Назарбаевдин кандай мезгилде болбосун кабыл алган саясий чечими – Украинага үлгү». Украинанын көрүнүктүү саясатчылары ушундай пикирди билдиришет. 1994-2005-жылдардын аралыгында Украинанын  Президенти болгон Леонид Кучма казак башчысынын көпчүлүк биле бербеген адамгерчилик сапаттарын  баса белгиледи.

ЛЕОНИД КУЧМА, 1994-2005 ЖЫЛДАРДЫН АРАЛЫГЫНДАГЫ УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Мен Нурсултан Абиш уулунан көп нерсе үйрөнгөнүмдү жашырбайм. Ал чындыгында акылдуу адам. Эгер биз, башкы саясатта бат-бат чечим кабыл алып, кийин өкүнүп жатсак, Назарбаев эч качан андай кылган эмес. Ал кабыл алган көптөгөн чечиминин туура болдондугун тарыхтын өзү көп ирээт далилдеп берди. Ошондуктан бул тарыхый кадам дагы өлкөнүн туруктуулугу үчүн жасалды деп ишенем.

Ал эми,  Украинанын мурдагы вице Премьер- Министри кызматынан баштап, тышкы иштер министри, Украинанын коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары жана бир нече өлкөлөрдө элчилик кызматтын аткарган Константин Грищенко – Улуттун лидеринин мамлекетти башкаруудагы өзгөчө кол тамгасы – табигый гана эмес, адам капиталын орундуу колдоно билгендинде дейт. Анын жарыялаган тарыхый чечими – мамлекеттик өнүгүнүн бир тепкичи жана бул олуттуу кадам – өлкө келечеги үчүн жасалды деген пикирин айтты.

КОНСТАНТИН ГРИЩЕНКО, УКРАИНАНЫН МУРДАГЫ ВИЦЕ- ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ЖАНА ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Адам менен табигый ресурстарды улуттун лидери өтө орунду колдоно билди. Бүгүнкү күндө өзүнө ишенимдүү, жигердүү далай казак жаштарын билем. Алар чет өлкөдөн билим алып келип, азыр өз өлкөсүнүн өсүшүнө алгылыктуу салып кошууда.  Нурсултан Назарбаевдин  бул чечимин мамлекеттик өнүгүүдөгү бир мезгил деп баалап, Казакстандын мындан ары да өнүгүшүнө ишеним менен карайм.

Фото: nazarbaev.kz