Нурсултан Назарбаевдин салымы

Нурсултан Назарбаевдин салымы

Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана анын аймактык лидер катары калыптанышына кошкон салымы абдан баалуу. Бул тууралуу көптөгөн дүйнөлүк серепчилер да айтышууда. Түркиянын мурдагы башчысы Абдулла Гүл Казакстандын биринчи президенти дүйнөлүк деңгээлдеги акылман саясатчы экенин белгилейт.

АБДУЛЛА ГҮЛ, ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 11- ПРЕЗИДЕНТИ:

- Нурсултан Назарбаев – түрк элдеринин урматтуу жараны жана менин досум. Ал улуттун лидери катары кыйын жана маанилүү чечим кабыл алды деп ойлойм. Аны менен бирге, менин оюмча, Казакстандын биринчи президенти өлкөнүн тизгинин ишенимдүү колго тапшырды. Мен Касым- Жомарт Токаевди жакшы тааныймын жана сыйлайм. Нурсултан Назарбаев салган даңгыр жолун ал улантат деп толук ишенем. Жакынкы арада Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кирет.

Серепчилер Биринчи Президент Нурсултан Назарбаевдин узак мезгилдүү реформалары менен демилгелери уланарына ишенимдүү. Алардын айтмында, өлкө тынчтык куруучулук демилгелери менен тынчтыкка, коопсуздукка жана бекем өнүгүүгө боло турган  жолдорун  бир нече ирээт көрсөттү. 

ПАН ГИ МУН, БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ/ 2007-2016/:

- Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев мамлекетти башкарган кезде, өз өлкөсү менен бирге бүткүл дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуу өнүгүнү алдыга жылдырды. Аймактагы тынчтык менен коопсуздук тууралуу жана башка да дүйнөлүк маселелер  боюнча мага кеңеш керек болгондо, ар дайым аны менен кеңешип турчумун.

Фото: akorda.kz