Казакстандыктар Нурсултан Назарбаев тууралуу

Казакстандыктар Нурсултан Назарбаев тууралуу

Казакстандын биринчи президенти – экономиканын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды жасай билген ийгиликтүү реформатор. Өндүрүштү модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, экономика тармактарын санариптештирүү. Өлкөнү өркүндөтө турган башкы факторлор – ушулар. Костанай облусунун чарбачылыктары субсидиялар, дотациялар, насыялар жана жаңы  кыстырмаларды ишке кошуу сыяктуу мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоосунун аркасында техникаларын  жаңыртып, эмгек өнүмдүлүгүн жогорулатууга кошкон салымын белгилешүүдө. Акыркы төрт жылдын ичинде Костанай аймагынын агро өнөр жай копмлексине 140 миллиард теңге өлчөмүндө инвестиция салынган.

ЫБЫРАШ ЕСТАЕВ, АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮҮЧҮСҮ:

- Казакстандын биринчи Президенти өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн алгылыктуу иш жасады. Анын көрөгөчтүк саясатынын аркасында дыйкандар жана мал өстүрүүчүлөргө субсидиялар бөлүнүп жатат. Ошондой эле, айыл чарба техникаларын алуу үчүн да каражат бөлүнүп келет. Мындан сырткары айыл чарба копмлексине багытталган ар түрдүү программалар кабыл алынды. Албетте, Нурсултан Назарбаевдин мындай чечимдери аграрчылардын тагдырын таптакыр өзгөрттү.

МАРАТ АХМЕТОВ, АЙЫЛ ЧАРБА ӨНҮМҮН ӨНДҮРҮҮЧҮ:

- Мындан 20 жыл мурун биздин чарбачылыктын пайдалануусунда 3 миң гектар жер болгон. Кийин Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен тармакка өзгөчө көңүл бөлүнүп, тез өзгөрүштөр болду. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ири өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы техникаларын пайдаланабыз. Ошондуктан экономика туруктуулугун бекемдөө багытындагы жумуштарыбызды уланта беришибиз керек.

Чыгыш казакстандык металлургтар болсо, көз карандысыз мамлекетти түзүп аны өркүндөтүү жолунда Казакстандын биринчи президентиинин аткарган жумуштарынын маанилүүлүгүн белгилешет. Өндүрүштүн алдыга жылуусу, коомдук шарттардын туруктуулугу, саламатыкты сактоо, билим берүү тармагына заманбап технологиянын киргизилүүсү бир гана Нурсултан Назарбаевдин аралашуусу менен ишке ашырылып, көңүл чордонунда болду. Ошондуктан металлургтар биринчи президенттин ушул жигердүү эмгегине өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришет. Алардын жылуу пикирлерине башка да чыгыш казакстандыктар да кошулууда. Арасында дыйкандар, дарыгерлер жана мугалимдер бар.

АЛЕКСАНДР ПАТРИН, ЭНЕ ЖАНА БАЛА БОРБОРУНУН ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- 30 жыл бою эл башкарган Биринчи президентке терең ыраазычылык билдиребиз. Бакубат өмүр сүрүп жатабыз. Балдарыбыз акысыз билим алып, жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт. Мунун бары жогорку баага татыктуу жетишкендиктер.

САЛТАНАТ  ЗАМАНБЕКОВА ОБЛУСТУК БИЛИМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН «ЧЫГЫШ АЙМАКТЫК БОРБОРУНУН» МЕТОДИСТИ:

- Биринчи президент экономикалык, каржылык кыйынчылыктарга карабастан ушул билим тармагын  эч качан көңүлдөн сыртта калтырган эмес. Анын үстүнө мугалимдерди кайра даярдоо, билимдүүлүктү арттыруу курстары, дүйнөлүк стандарттарга ылайык реформа маселесине көңүл бөлүп, ушул убакытка чейин көз карандысыздыкты бекемдөөдө эң керектүү билим экенин бизге түшүндүрүп берген көрөгөч башчы деп айта алам.

Фото: liter.kz