Казакстандын биринчи президентинин ролу: чет өлкөлүк серепчилердин пикири

Казакстандын биринчи президентинин ролу: чет өлкөлүк серепчилердин пикири

Нурсултан Назарбаев тарыхта өчпөс из калтырган дүйнөлүк лидерлердин тизмесине кирет. Казакстандын биринчи Президенти өз эрки менен кызматтан кетүүсүнө байланыштуу Грузия Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы жетекчиси ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, бийликтеги алмашуу Казакстандын азыркы өнүгүү жигердүүлүгү менен туруктуулугуна терс таасирин тийгизбеши керек.

ПЕТРЕ МАМРАДЗЕ, ГРУЗИЯ МАМЛЕКЕТТИК КЕҢЕШИНИН ЭКС-ЖЕТЕКЧИСИ:

- Нурсултан Назарбаев саясаттан таптакыр кетүү тууралуу чечим кабыл алган жок. Менин билишимче, Биринчи президент Нурсултан Назарбаев коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп калды. Бул өтө көрөгөчтүк жана өз мезгилинде кабыл алынган чечим деп ойлоймун. Албетте, президенттик кызматтан кеткени өкүнүчтүү. Ал эми, ушундай башчысы болгон казак эли бактылуу. Анткени өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев Казакстан республикасын өнүгүнүн даңгыр, ийгиликтүү жолуна сала алды. Аны бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө моюндап жатат.

Нурсултан Назарбаевдин Казакстан Президенти ыйгарым укугун өз эрки менен токтотуу тууралуу чечимин Армениянын саясатчылары да талкуулап жатышат. Өлкөнүн Улуттук Кеңешинин вице-спикери Ваге Энфиаджян бул чечимин көргөндүгүн өзгөчө белгилеп өттү. Ошондой эле, саясатчылар келечекте эки өлкөнүн ортосундагы шериктештик уланат деп толук ишенет.

ВАГЕ ЭНФИАДЖЯН, АРМЕНИЯ УЛУТТУК КЕҢЕШИНИН ВИЦЕ-СПИКЕРИ:

- Бул маалымат казактандыктар үчүн да, дүйнө үчүн да күтүлбөгөн кырдаал болду. Анткени Назарбаевдин ыйгарым укугу бир жылдан кийин аякталышы керек эле. Өлкө Президенти бийлик башында болгондо элдин жогорку колдоосунда ээ болду. Бул абдан чоң жоопкерчилик. Нурсултан Назарбаевдин эл башкарган мезгилинде арабызда ишенимдүү жана жемиштүү кызматташтык орногон. Келечекте да бул жараян уланып, карым-катнашыбыз бекемделирине ишенебиз.

Фото: akorda.kz