Казакстан бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда

Казакстан бүткүл дүйнөнүн көңүл борборунда

Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөлүк коомчулук өкүлдөрүнүн көңүлүн өзүнө буруп жатат.  Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүштөр ар түрдүү өлкөлөрдө талкууланууда. Армения өлкөсүнүн саясатчылары менен серепчилери мамлекеттин калыптануусуна  Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымы баа жеткис деген пикир билдиришет.

МИКАЭЛ ЗОЛЯН АРМЕНИЯ УЛУТТУК ЖЫЙЫНЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Эгемендүү Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев – тарыхый инсан. Мен иштеген жылдардын ичинде Казакстандын көз карандысыздыгы, Казакстандын эгемендүүлүгү, Казакстандын кызыкчылыктары эң башкы орунда болуп, ушул маселелерге Нурсултан Назарбаев басымдуулук берип жатканына күбө болдум. Менин оюмча, ушуга байланыштуу постсоветтик лидерлердин көпчүлүгүнө анын карманган багытынан үлгү ала билүүлөрү керек деп ойлоймун.

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Вардан Атоян, мындан 25 жыл мурун Евразиялык экономикалык биримдикти түзүүгө демилгечи болгон Нурсултан Назарбаев экенин баса белгилеп кетти.

ВАРДАН АТОЯН САЯСАТ ТААНУУ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Албетте, Назарбаев мырзаны Евразия экономикалык биримдигинин идеологу деп айтууга болот. Биринчи  президенттин демилгеси менен бул биримдик түзүлгөн. Бүгүнкү күндө биримдик биздин өлкө үчүн да маанилүү. Бул тарыхый жактан да, маданий жагынан да, экономикалык жактан да маанилүү. Ошондой эле, мен алдыдагы убакытта Касым-Жомарт Токаев мырза биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин демилгесин улантат деп үмүттөнөм.

Ал эми саясий жана укуктук изилдөөлөр борборунун жетекчиси Джонни Меликян Казакстан менен Армениянын ортосундагы эки жактуу карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу өз оюн билдирди.

ДЖОННИ МЕЛИКЯН, САЯСАТ ТААНУ ЖАНА УКУКТУК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Жаңы президент жана Армениянын жаңы премьер-министри, менин оюм боюнча, негизинен Армения-Казакстан мамилелерин ишенимдүү түрдө өнүктүрүүгө жана мындан ары тереңдетүүгө өз күч-аракеттерин кошот. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мүнөздүү багыт бар, Ереван кызматташтыкты өнүктүрүүгө бүгүнкү күндө даяр. Ошондуктан Орусия Федерециясы менен бирдей Казакстан республикасы да соода- экономикалык мамилелер боюнча Армения үчүн да маанилүү өлкө катары саналат. 

Адистердин пикиринде, бүгүнкү күндө Казакстан менен Армения бардык көңүлдөрүн туруктуу, узак убакытка өз ара иш аракеттерге ошондой эле көп жылдык өнөктөштүктүн натыйжасында калыптанган салттарды сактоого жана жеткирүүгө  багыттап жатат.

Фото: akorda.kz