Чын куран айында казакстандык тынчтык куруучулардын Ливандагы миссиясы аягына чыгат

Чын куран айында казакстандык тынчтык куруучулардын Ливандагы миссиясы аягына чыгат

​Чын куран айында казакстандык тынчтык куруучулардын Ливандагы кезектеги миссиясы аягына чыгат. Алардын ордун атайын даярдыктан өткөн 120 тынчтык куруучу алмаштырат. Бүгүнкү күндө аскерлердин кийинки агымы Алматы облусунда атайын даярдыктан өтүп жатат. Бул жердеги машыгуу аянты Ливандагы кырдаалга ылайык жасалган.

Тынчтык куруучу болуу үчүн билектин күчү жетишсиз. Психологиялык тест тапшырып, англис тилин эркин өздөштүрүү, жергиликтүү эл менен тил табышуу ыкмаларын билүү да зарыл.

ЖИГЕР АЙЫПОВ, ІІ ТЫНЧТЫК КУРУУЧУЛАР РОТАСЫНЫН КОМАНДИРИ:

- Тандоо этаптарынан ийгиликтүү өткөн тынчтык куруучулар тобу аскерий медициналык, аскерий – инженердик даярдыктан өтөт. Окуу – машыгуу алкагында аскерлерге ар түрдүү ооруларга каршы эмдөөлөр жасалды.

Жоокерлерге тынчтык куруучулардын негизги милдеттерин тажрыйбалуу адистер үйрөтөт. Анын бири – Асылхан Амангали уулу. Подполковник Африкадагы жашоочуларга гуманитардык жардам көрсөткөн БУУнун жоокерлеринин катарында болуп келген.

АСЫЛХАН АМАНГАЛИ УЛЫ, ТЫНЧТЫК КУРУУЧУЛАР НУСКООЧУСУ:

- Патрулдоо учурунда аскер кызматкерлер демонстрация жана провокацияларга туш болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан тынчтык куруучулар жергиликтүү элдер менен сүйлөшүүлөргө даяр болуп, мындан сырткары, алар калкка жардам берүүгө даяр болушу керек. 

Эскерте кетсек, казакстандык тынчтык куруучулар БУУнун Индия Батальонунда кызмат өтөйт. Аскерлердин ротациясы жылына эки жолу жүргүзүлүп турат.

Фото: lenta.inform.kz