Казакстан мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 65-орунга көтөрүлдү

Казакстан мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 65-орунга көтөрүлдү

Казакстан дүйнөлүк мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 65-орунга көтөрүлдү. Ушундай изилдөөнү «World Justice Project» эл аралык уюму жүргүзгөн. Мыйзамды дүйнөлүк стандарттарга ылайык кылууга маани берүүнүн аркасында Казакстан 126 мамлекеттин ичинде 65-орунга ээ болгон. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде өлкө сап башында турат. Бул индекс эки жылда бир жолу жасалат. Рейтингде бийлик институттары ыйгарым укуктарынын чектелиши, анын ачыктыгы, жемкорлуктун болбошу, тартип, коопсуздук, мыйзамдардын сакталуусу, жарандык жана кылымыштык сот адилеттиги эске алынат.

ГАЗИЗАТ ИМАКОВА, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Азыр бизде сот адилеттигинин атаандаштыгы киргизилип жатат. Башкача айтканда,  жактоочулар айыпталуучуларды ачык сот отурумунда коргой алышат. Бул биздин өлкө үчүн жаңылык. Рейтингдеги көрсөткүчүбүз жакшы экенин белгилеп өткүм келет. Туруктуулук көрсөткүчү боюнча БУУнун стандарттарына ылайык келет. Бийлик институттарынын ыйгарым укуктарын чектөө, бизнес түзүмдөрдү бийлик институттарынан ажыратуу сыяктуу маселелер каралат. Ушуга кошо негизги Конституциялык укукту коргоо, коомдук коргоо укугун да белгилей кетүүгө болот. Азыркы тапта мамлекеттин коомдук багытка кадам таштаганын көрүп жатабыз.

Фото: lada.kz