Казакстандын БУУ КК курамындагы миссиясы

Казакстандын БУУ КК курамындагы миссиясы

Тынчтык дүйнө куруп, адамзаттын коопсуздугун камсыз кылуу жолундагы миңден ашуун эл аралык иш-чара. Бул – Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылуу кезинде аткарган дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты демилгелери. Өлкөнүн эки жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында жооптуу эрежелери, абройлуу уюм мүчөлөрү жана эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланып, мамлекеттин кадыр-баркын көтөрдү.

НОРИМАСА ШИМОМУРА, БУУнун  КАЗАКСТАНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Мен Казакстандын өкмөтүн, мамлекеттин парламентин жана өлкөнүн бардык элин Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу эмес мүчөсү катары мандатын жогорку жоопкерчилик менен аткарып, ийгиликтүү аяктаганы менен чын жүрөктөн куттуктагым келет. Эки жыл абдан кыска убакыт болгону менен, Казакстан ушул аралыкта дүйнөлүк деңгээлде көптөгөн маанилүү демилге көтөрүп, өзөктүү маселелердин түйүнүн чече билди. Бул нерсеге бүткүл дүйнө күбө.

КУАНЫШ СУЛТАНОВ, КР ПАРЛАМЕНТИНИН МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Менин Европарламенттеги кесиптештерим БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги биздин дипломаттардын 2 жылдык мүчөлүгүндөгү ишмердүүлүгүнө жогору баа берип келишет. Алардын айтымында, Казакстан ушул убакыттын ичинде бир нече маанилүү демилгелерди көтөрдү. Демилгелер чоң колдоолорго ээ болду. Жалпылап айтканда, Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болушу өлкө үчүн чоң жетишкендик жана дүйнөлүк аренадагы жогорку кадыр-барк. Өлкөнүн келечеги үчүн да маанилүү.

Казакстан ядролук куралдан арылып, жер бетин терроризмден тазартуу жолун тандаган, тынчтыкты сүйгөн мамлекет экени көпчүлүккө белгилүү. Кеңешке мүчөлүк дүйнөлүк саясий талаштардын курчуган мезгили менен дал келди. Бул багытта да Казакстан өлкө менен өлкөнү жараштыра турган тынчтык куруучу мамлекет катары так иштери менен таанылды. Экономикалык санкциялар жана Борбор Азия үчүн коркунучтуу маселелердин мийизин кайтарууга жөндөмдүү экенин көрсөттү.

ЖАНИБЕК АРЫНОВ, КР БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине болгон мүчөлүгү биринчи кезекте – бул тажрыйба. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Борбор Азиянын өнүгүү маселелерине бурдуруу. Үчүнчүдөн, бул Казакстан үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп, дүйнөлүк коопсуздук маселелери талкууланган, дал ушул нерселердин үстүндө иштөөгө арналган аянтка айлануусуна мүмкүнчүлүк.

Бул жумуштар Өлкө башчысынын Кеңештин мүчөлөрүнө арнаган «Коопсуз, адилеттүү жана өркүндөгөн дүйнө куруу үчүн ааламдык өнөктөштүктү бекемдөө тууралуу Казакстандын концепциялык көз карашы» аттуу саясий кайрылуусун ишке ашыруу максатында түзүлдү. Документ Мамлекет башчысынын «Тынчтык. 21-кылым» манифестине негизделип жазылганы белгилүү.

Фото: nur.kz