Астана – Сирия чыңалуусун жол-жоболоштурууга эффективдүү аянт

Астана – Сирия чыңалуусун жол-жоболоштурууга эффективдүү аянт

Астана жараянына дагы эки өлкө кошулуусу мүмкүн. Сирия маселесин чечүүгө Ирак менен Ливан өз кызыкчылыгын билдирип жатат. Серепчилердин айтымында, орток чек арасы бар ушул мамлекеттер Сирия менен тыгыз байланышта. Көптөгөн абройлуу серепчилер Астана жараянын мындан ары өнүктүрүүгө чакырып жатат. Ошондой эле, бир нече өлкөлөр менен эл аралык уюмдар чыңалууну жол-жоболоштурууга аракет кылганы менен бир гана Астана жараяны натыйжалуу болду, дешет серепчилер.

АБАС АСЛАНИ, ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Астана менин оюмча бүгүнкү күнү Сириядагы маселени эле чечпестен – убакытка көңүл бурсаңыз, канча убакытта чечим кабыл алынып жатат. Сирия маселеси мурун эле көтөрүлгөн. Ачыгын айтуу керек, Женевадагы тынчтык куруу сүйлөшүүлөр натыйжасыз болду. Астана болсо, ушул маселеде өз адилеттүүлүгү менен сабаттуулугун көрсөттү. Азыр да оң динамиканы көрсөтүүнү улантууда.

Ошентсе да Астана жараяны Женева сүйлөшүүлөрүнө альтернатива катары түзүлгөн жок. Казакстан БУУнун атынан өтүп жаткан ушул ишке колдоо көрсөтүп, Сирия чыңалуусунун эң татаал маселелерин өз көзөмөлүнө алууга милдеттүү болгон. Астанадагы биринчи сүйлөшүүлөр 2017-жылы өткөн. Ошол кезден бери 11 этабы өтүп, алардын баарына Иран катышкан. Серепчилердин айтымында, бул өлкө Түркия жана Орусия менен биргеликте, Сириядагы жагдайды турукташтырууга аракет кылып жүрөт.

САИД ШАВЕРДИ, ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА САЯСИЙ СЕРЕПЧИ:

- Бүгүнкү күндө Иран менен башка кепил өлкөлөр Сирия жашоочуларына жардамдашуу үчүн бар күчүн жумшап келет. Казакстандын Сирия маселесин чече турган аянтка айланганына ишенем. Кандай болгон күндө да Астана куру сөзгө убакытын кетирбей, так натыйжаларды көрсөтүп жүрөт. Сирия ушул жараянга катышуучу өлкөлөр менен тыгыз кызматташуусу керек, бул өлкөдө тынчтык орнотууга таасир берет.

Кепил берүүчү өлкөлөрдүн алдында турган башкы милдет – дайынсыз жоголуп кеткендерди издөө жана качкындарды ата мекенине кайтаруу. Ошондой эле, алар Сирияга азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармек жеткирүүгө келишишкен. Азыркы тапта 13 миллиондой сириялык гуманитардык жардамга муктаж.

Фото: 24.kz