Казакстан менен Иран укук тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Казакстан менен Иран укук тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Казакстан менен Иран кызматташтыкты тереңдетүүдө. Эки тарап жарандык иштер боюнча өз ара жардам берүү келишимине кол коюуга ниеттенип жатат. Долбоор теке айынын бирине чейин коомдук талкууга коюлат. Ирандын юристтеринин айтымында, мамлекет аралык келишим эл аралык укук эрежелерине ылайык түзүлгөн. Астана менен Тегерандын ишкерлер биримдиктеринин ортосунда тыгыз байланыш орногонун эске ала турган болсок, документ талаш маселелерди болтурбастан, биргелешкен долбоордун масштабын кеңейтет.

АББАС КОУЧ НЕЖАД, ЭЛ АРАЛЫК УКУК ТАРМАГЫНДАГЫ АДВОКАТ:

- Өлкөлөрдүн ортосунда саясий, экономикалык жана ишкердик мамилелер жакшы болгондо гана ушундай келишимдер түзүлөт. Эми өз укуктарын коргоо үчүн эки өлкөнүн сот органдарына арызданууга болот. Бул укуктук тармактагы кызматташтыгыбыздын өнүгүшүнө таасир берет.

Мамлекеттердин ортосундагы укуктук жардам тууралуу келишим эки жактуу мамилелердин өнүгүшүнө өз таасирин тийгизет. Документ жарандардын башка өлкөнүн аймагында жеке жана мүлктүк укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берет. Келишим мыйзам системасынын бардык тармагын камтыган. Керек болгон шартта Иранда жүргөн казакстандыктар жарандык, жеке үй-бүлөлүк, ишкердик жана эмгек маселелери боюнча мыйзамдуу жардам алат. Ал эми эки өлкөнүн укук коргоо органдары ар түрдүү маалыматтар жана жарандык иштер боюнча маалыматтар менен алмашат.

КАРАН РОХАНИ, ЭЛ АРАЛЫК УКУК БОЮНЧА ФИЛОСОФИЯ ДОКТОРУ:

- Бул келишим жарандарга өздөрүн мыйзамдын коргоосунда экенин сезүүгө жардам берет. Кыйын кырдаал пайда болгонуна карап, кандай жардам сураса болоору ушул документте көрсөтүлөт. Ошондой эле, келишимдин ишкерлер үчүн да пайдасы көп. Туулган жерден миңдеген чакырым алыс жерде бизнеси барлардын иши жеңилдей түшөрү талашсыз.

Казакстандын жарандарынын укуктары Иранда толук мыйзам чегинде корголот. Алар Иран жашоочулары менен бирдей негизде сотко кайрыла алат жана соттук териштирүүлөрдү себепсиз калтырууга жол бербейт.

Photo: liter.kz