Астанада «Нур Отан» партиясынын XVIII съезди өттү

Астанада «Нур Отан» партиясынын XVIII съезди  өттү

Өнүгүү менен жаратмандыктын 20 жылы. Астанада «Нур Отан» партиясынын 18-съезди өттү. Мамлекет башчысы, партия төрагасы Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган коллегиялык жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан 1 миң 179 делегат келди. Нуротандыктардын эң биринчи курултайы мындан жыйырма жыл мурун өтүп, өлкөнүн эң чоң, таасирдүү саясий уюму түзүлгөн. Өлкө башчысы жыйында ошол тарыхый мезгилге токтолуп, жыйырма жыл бою жүргүзүлүп келе жаткан жумуштун жыйынтыгын чыгарды. Анын ичинде, коомдук тармакка республикалык бюджеттин 45 пайыздан ашууну багытталарын эскертти. Ушуга кошо, Президент билим тармагындагы реформаларды максатына жеткирип, үч тилдүүлүктү калыптуу жолго салууну тапшырды. Съездде мамлекеттик программарды ишке ашыруунун эффективдүүлүгү менен мониторингин баалоо борбору түзүлөрү белгилүү болду.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Тарых өлчөмү менен карай турган болсок 20 жыл чоң убакыт эмес. Бирок биз үчүн бул бир кылымга тете. Дал ушул мезгил, кылымдардын кошулган жери биз үчүн бурулуш учуру болду. Туруктуу мамлекетти түзүү жана эгемендүүлүктү бекемдөө үчүн биз олуттуу, маанилүү реформаларга муктаж элек. Эгерде негиздүү өзгөрүүлөр болбосо, биз дүйнөлүк өнүгүү көчүнөн артта калып калмакпыз. Жаңы тарыхты жазган уюмдардын катарында «Нур Отан» партиясы да болду. «Нур Отан» партиясы калктын ишенимин актап, жигердүү алдыга жылуубузду камсыз кылган жалгыз бир саясий күчкө айланып иштеп келе жатат.

Съездде партиянын саясий программасы талкууланды. «Бакубат коом: он жылдыктын он максаты» аттуу 2030-жылга чейинки аралыкты камтый турган планда партия коомдук багыттарга өзгөчө басымдуулук берип  жатат. Ушуга чейинки документтерде саясий уюм экономиканын өнүгүшүн негизге алса, алдыдагы 20 жылда ошол экономикадагы ар бир жарандын ал-акыбалынын жогорулашы «Нур Отандын» кызыкчылыгы болот.

Фото: akorda.kz