БУУ Казакстандын эмгегин жогору баалайт

БУУ Казакстандын эмгегин жогору баалайт

Астананын ачыктыгы, ар дайым диалогго даярдыгы көпчүлүккө үлгү. БУУнун Дүйнөлүк ассоциациялар федерациясынын өкүлдөрү ушундай пикирде. Казакстан ички жана тышкы саясаттагы эрежелерин Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн алкагында дагы бир жолу далилдеди, дейт Федерациянын өкүлү Маргарет Уильямс. Эл аралык мамилелер тармагындагы билимдүү адис Жакынкы чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүндө иштеген. Ал Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамында тынчтык куруу аракеттери менен так ийгиликтерге жеткенин белгилеп көрсөттү.

МАРГАРЕТ УИЛЬЯМС, БУУ ДҮЙНӨЛҮК АССОЦИАЦИЯЛАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан Республикасын пикирлерди бириктирүү жана келечекти божомолдоо боюнча ой кошкон, дүйнөлүк деңгээлде өздүк орду бар өлкө катары тааныйм. Ошондой эле, диалогго жана жолугушууга даяр. Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шайлоо жараянынын пикир талаштарына катышкан биринчи өлкө болду. Ушул иш-аракеттер менен башка мамлекеттерге үлгү боло алды. Ушул жактан алып карай турган болсок, биз Казакстандын ачыктыгын жогору баалайбыз.

Белгилей кетсек, БУУнун Дүйнөлүк ассоциациялар федерациясы 1946-жылы Люксембургда улуттук биримдиктердин конференциясында түзүлгөн. Ал 40 бейөкмөт уюмду бириктирет.

Фото: 24.kz