Казакстан Ливанга экинчи ротаны жиберүүгө даярданууда

Казакстан Ливанга экинчи ротаны жиберүүгө даярданууда

Казакстан Ливандагы тынчтык куруу миссиясына экинчи биргелешкен ротасын жиберүүгө даярданып жатат. 120 казакстандык аскер чын куран айынын аягында аттанат. Азыр алар Алматыдагы машыгуу аянтында даярдык иштерин жүргүзүүдө. Аны менен катар, тынчтык куруу кызматында тажрыйбасы мол атайын адистерден, офицерлер жана сержанттардан сабак алышууда. Бириккен Улуттар Уюмунун мандатына ылайык, казакстандык тынчтык куруучулук бөлүм Ливанда жергиликтүү жерди патрулдоо, көзөмөлдөө бекеттерин уюштуруу функцияларын аткарышат. Ошондой эле, Ливанда биринчи тынчтык куруучулар сыяктуу жарым жыл бою иш алып барышат. Алардын башкы милдети – чек араны көзөмөлдөө жана өлкөдө тынчтыкты сактоо. Өз учурунда коргоо министрлигинин божомолу боюнча, чет өлкөлүк аскерлердин тынчтык куруу миссиялары ата мекендик аскерий кызматкерлерге тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.

Фото: 24.kz