Астанада Франциянын визалык бөлүмү ачылды

Астанада Франциянын визалык бөлүмү ачылды

Казакстан менен Франциянын ортосу дагы да жакындады. Эйфель мунурасы, Лувр музейи, Версаль сарайы. Кооздугу менен суктандырган Францияны көрөм дегендер эми Астанадагы визалык бөлүмүнүн кызматынан пайдалана алат. Жаңыдан ачылган бөлүмгө күнүнө 50гө жакын адам келүүдө. Ал эми эс алуу мезгилинде визалык бөлүмдөр күнүнө 120-130га жакын адамды тейлейт. Өтүнмөнү кабыл алуу акысы ошол калыбында сакталып 60 евро боюнча калат. Өткөн жылы Франциянын башкы консулдугу жана Швейцария элчилиги ушундай жигердүүлүк менен иштешкен. Былтыр казакстандыктар Францияга 11 миңден ашуун виза жол-жоболоштурушкан. Бул өлкө 2020-жылга чейин 100 миллион чет өлкөлүк туристти кабыл алууну мерчемдеп жатат.

ФИЛИПП МАРТИНЭ, КАЗАКСТАНДАГЫ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ:

- Былтыр Францияга 3 жарым миллион турист келген. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 4,4 пайызга көп. Ушуга туристтик визалардын санынын өсүшү таасир берип жатат. Алматыдагы Франциянын Башкы консулдугу 2 жарым миллионго жакын туристтик виза берди. Бул 5,8 пайызга жогору. Визаны жол-жоболоштуруу болушунча жеңил экендигин белгилеп өткүм келет. Бул үчүн керектүү документтер толук болсо жеткиликтүү.

Сүрөт romanroams.com сайтынан алынды.