БУУ КК жумушунун натыйжалары боюнча брифинг өттү

БУУ КК жумушунун натыйжалары боюнча брифинг өттү

2017-2018-жылдардагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жумушунун натыйжалары Нью-Йорктогу абройлуу эл аралык уюмдун штаб-квартирасында талкууланды. Брифингге Казакстан, Боливия, Италия, Нидерланды жана Швециянын туруктуу өкүлдөрү катышты. Акыркы эки жылдын ичинде бул беш мамлекет Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү катары жоопкерчиликтүү милдетти аткарып келишкен. Казакстандын башкы ийгиликтери катары терроризмден эркин дүйнөгө кол жеткирүү боюнча кодексин кабыл алуу, ошондой эле ядролук куралсыздандыруу маселесин чечүүдө ишеним иш-чараларын күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. Жолугушууга катышкандар Казакстандын башка ийгиликтерине да токтолушту. Белгилеп айтсак, Эритреядан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин узак мезгилдүү санкцияларын алып салуу жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланган өлкөлөрдүн улуттук желектеринин аземин өткөрүү жаңы салтын киргизүү. Казакстандын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаровдун айтымында, ушул органдагы башкы максат Борбор Азия жана Ооганстан аймагына дүйнөнүн көңүлүн буруу болгон.

КАЙРАТ УМАРОВ, КАЗАКСТАНДЫН БУУНУН АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга багытталган эл аралык ассоциациянын аракетине негизинен экономикалык сыпат берүү, бул ишке Борбор Азия мамлекеттерин жигердүү түрдө катыштыруу – өлкөбүз сунуштаган инновациялык ыкма болгон. Коопсуздук Кеңеши биринчи жолу ушул өлкөдөгү кырдаалды коопсуздук жагынан гана эмес, экономикалык өнүгүү жагынан да караштырылышына жетиштик.