Казакстанда Түштүк Корея-Борбор Азия кызматташтык форуму өтөт

Казакстанда Түштүк Корея-Борбор Азия кызматташтык форуму өтөт

Үстүбүздөгү жылдын тогуздун айында Казакстанда Корея – Борбор Азия кызматташтык форумунун он экинчи отуруму өтөт. Мындай чечим Сеулдагы ушул уюмдун аткаруучу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Ал жерде Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери жана Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү биргелешкен жумуш мерчемдерин талкуулашты. Жыйында айтылгандай, күзүндөгү форумга Казакстанга Корея өкмөтү менен бизнес-секторунун өкүлдөрү, Борбор Азия республикаларынын делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишет. Аталган иш-чара мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, маданий–гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталат.

БАКЫТ ДҮЙСЕНБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН КОРЕЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Кийинки форумдун отуруму күзүндө Астанада, тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтөрүн белгилеп кетким келет. Бул чечим аткаруучу кеңештин  отурумунда бекитилди. Форумга мүчө өлкөлөрдүн бардыгы Астанага келип катышарын тастыкташты.

Ошондой эле, белгилүү болгондой, баш оона айында ар бир өлкөнүн беш-алты адиси жаңы урпактын лидерлерин калыптандыруу курстарына катышуу үчүн Кореяга барышат. Медицина, унаа, логистика жана суу ресурстары боюнча адистер үчүн тренингдер өткөрүлөт. Ал эми жаш ишкерлер үчүн бизнес-идеялар сынагы уюштурулат. Ушуга кошо, Корея Республикасынын жарандары үчүн жалган куран айынан баштап бештин айына чейин Евразиялык Академия долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгү болот. Анын алкагында Түштүк Корея университеттеринде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тууралуу дарстар окулат. Андан ары катышуучулар Борбор Азия республикаларынын окуу жайларында, илимий-изилдөө институттарында тажрыйбадан өтө алышат.