Казакстан менен Евробиримдик кызматташтыгын тереңдетет

Казакстан менен Евробиримдик кызматташтыгын тереңдетет

Казакстан менен Евробиримдик ортодогу кызматташтыкты тереңдетүүдө. Эки жактуу саясий  жана экономикалык диалогду бекемдөө тууралуу маселе Брюсселде кызматташтык комитетинин 17-отурумунда каралды. Евробиримдик – Казакстандын ири соода жана инвестициялык өнөктөшү. Өлкөгө тартылган түз чет өлкөлүк инвестициянын жарымынан көбү Евробиримдик өлкөлөрүнө туура келет. Ошондой эле, Казакстан – Евробиримдик менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин түзгөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө. Бул документти Казакстан, Европарламент жана биримдикке мүчө 28 өлкөнүн жыйырма беши ратификациялап жетишти. Тараптар ушул келишимде камтылган 29 тармактагы өнөктөштүктү тереңдеттүү маселесин карашты. Тизмеде энергетика менен курчаган чөйрөнү коргоо, унаа жана медицина, мыйзам үстөмдүгү менен жарандардын укугун коргоо, терроризм жана баңгизатка каршы күрөшүү, ошондой эле визалык тартипти жеңилдеттүү жана аймактык коопсуздук маселелери бар.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз европалык инвестиция жана технологияны өлкөбүзгө тартууга кызыктарбыз. Албетте, саясий мамилеге да терең маани бердик. Былтыр Брюсселде Өлкө башчыбыз жарыялаган дүйнөнүн алдыңкы оюнчулары – АКШ, Орусия, Кытай жана Евробиримдик ортосунда диалог уюштуруу демилгесин да козгодук. Ушундай диалог уюштуруу үчүн жогорку даярдык жүргүзүү керек.

ЛЮК ДЕВИНЬ, ЕСИК ЕВРОПА ЖАНА АЗИЯ БОЮНЧА МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ :

- Борбор Азия аймагындагы бир катар оң өзгөрүүлөрдү колдоп жүрөбүз жана аймактык кызматташтыктагы Казакстандын ордун жогору баалайбыз. Дүйнөдө тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылууга Казакстандын кошкон үлүшүн жана БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөсү катары эмгегин да урматтайбыз. Коопсуздук тармагында биз биргеликте экстремизм жана терроризм менен күрөшүп келебиз. Евробиримдик каржылап жаткан ооган аялдарына арналган агартуучулук программаны ишке ашырууда Казакстандын көрсөткөн колдоосун да жогору баалайбыз.