БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бейөкмөт уюмдар тобу Казакстандын органдагы эмгегине өз баасын берди

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бейөкмөт уюмдар тобу Казакстандын органдагы эмгегине өз баасын берди

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жумушу боюнча бейөкмөт уюмдар тобу Казакстандын ушул абройлуу органдагы эмгегине өз баасын берди. Уюм жетекчилери чыр-чатактарды чечүү жана тынчтык куруу аракетиндеги Казак элинин кошкон салымы менен жигердүү кызматын жогору баалашты. Аталган уюмдар тобуна гуманитардык, адам укуктары, куралсыздандыруу, дүйнөлүк башкаруу жана өнүгүү тармактарындагы 37 уюм кирет. Топтун төрагасы, БУУнун алдындагы  Amnesty International кеңсесинин жетекчиси белгилеп өткөндөй, Казакстан Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн алкагында тынчтык куруу жана өнүгүүнү жактоочу катары таанылып, алдыга коюлган максаттарга жетүү жолунда жогорку жигердүүлүктү көрсөттү.

РЕНЗО ПОМИ, БУУ КК ИШИ БОЮНЧА БӨУ ТОБУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Коопсуздук Кеңешинин курамында Казакстан жумушунун аякталуусу БУУда өлкөңөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бүттү дегенди билдирбейт. Ушул багытта Казакстандын жигердүүлүгү абдан жогору болуп, аймактык жаңжалдарды жол-жоболоштурууга катышкан. Адатта Коопсуздук Кеңешинин курамынан чыккан өлкөлөр өздөрү катышкан маселелер боюнча жумушун улантат. Ошондуктан, Казакстан чыр-чатактарды чечүү ишинде жигердүүлүгүн сактап калат деген ойдобуз.

Эл аралык коомчулук тааныган Казакстан менен Өлкө башчысынын тынчтык куруу аракеттерин АКШ профессору, саясат таануучу жана тилчи Леонид Гольдин да өзгөчө белгилеп өттү. Ал Сириядагы абалды бир жолго салуу боюнча Астана жараянынын багытын океандын ары жагынан байкап турган. Ал Казакстанды көптөгөн бийик максаттарга жеткен, үлгү боло турган өлкө катары баалайт.

ЛЕОНИД ГОЛЬДИН, ПРОФЕССОР, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Казакстандын тынчтык куруучу катары орду өзгөчө. Астанада болгон кезимде ар кайсы өлкөдөн келген адамдарды көрдүм. Бирок ал жерде араб менен еврейлердин карым-катнашы мага өзгөчө таасир калтырды. Дүйнө жаңжалдардын алдын алуудагы Казакстандын ролун жакшы билет. Коомду куру сөз менен тарбиялоо мүмкүн эмес. Бирок Казакстанга барууну сунуштоо керек. Ал жактан таптакыр башка адам болуп кайтат. Эң негизгиси – көптөгөн максатка жетүүгө болооруна ишенишет.