Лондондо Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жумушу корутундалды

Лондондо Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жумушу корутундалды

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Казакстандын дүйнөлүк демилгелери өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө жол ачты. Улуу Британиянын Европа жана Америка иштери боюнча мамлекеттик министри Алан Данкан ушундай ою менен бөлүштү. Лондондо Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жумушу жыйынтыкталды.

АЛАН ДАНКАН, УЛУУ БРИТАНИЯНЫН МАМЛЕКЕТТИК МИНИСТРИ:

- Менимче сиздер аймакта лидер экениңерди көрсөтүп, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге үлгү боло алдыңыздар. Чындыгында, дүйнөнүн саясий картасында Казакстандын кадыр-баркы өстү. Алдыдагы убакытта коңшу өлкөлөрдүн БУУнун жумушуна жигердүү түрдө аралашуусуна себепчи болосуздар деп үмүттөнөм.

Жолугушууга Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин башчылыгы, чет өлкөлүк дипломаттар, Лорддор палатасы жана Бириккен Королдук палатасынын мүчөлөрү катышты. Алар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруксуз мүчөсү катары Казакстандын ийгиликтери тууралуу айтып өтүштү. Британиялык серепчилер Казакстандын Кеңештеги кызматын жыйынтыктап жатып, жапырт кырып жок кылуу куралын таратпоо жана эл аралык чыр-чатактарды чечүү сыяктуу Казакстан башчылык кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Дүйнөлүк стратегия форумунун төрагасы Лорд Лотиан Казакстандын диалог орнотуудагы ролуна токтолду.

ЛОРД ЛОТИАН, ДҮЙНӨЛҮК СТРАТЕГИЯ ФОРУМУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Тынчтыкты орнотуу үчүн эки нерсе керек. Биринчиси – диалог, экинчиси – ошол сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган жай. Казакстан мунун баарын ийгиликтүү пайдалана алды. Келечекте мамлекет ушул багыттагы жумуштарын улантат деп үмүттөнөм.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Казакстандын Улуу Британиядагы элчилиги өлкөнүн БУУда аткарган жумуштары тууралуу атайын фото көргөзмө уюштуруп, видео тасмаларды көрсөттү.