Казакстан менен БУУнун өнөктөштүгү

Казакстан менен БУУнун өнөктөштүгү

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кызматын аяктаган Казакстан абройлуу уюмдун Катчылыгы менен тыгыз кызматташтыгын улантат. Өткөн эки жылдын ичиндеги кызматташтык өтө жемиштүү болду. Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир нече санкциялык комитетине төрагалык кылды. Эл аралык серепчилер өнөктөштүктүн натыйжалуу болгонун белгилешүүдо. Кеңеш Комитеттеринин Мониторингдик тобунун координатору Эдмунд Фиттон-Браун Казакстандын Жакынкы Чыгыш жана Ооганстанга тиешелүү маселелерде маанилүү роль аткаргандыгын белгилейт.

ЭДМУНД ФИТТОН-БРАУН, БУУ КК МОНИТОРИНГДИК ТОБУНУН КООРДИНАТОРУ:

- Казакстан менен өнөктөштүгүбүз жигердүү жүрдү. Контртерроризм багыты, Ооганстандагы абалды жакшыртуу боюнча кызматташтыкты орноттук. Бул тармактарда Казакстандын мол тажрыйбасы бар жана Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууда маанилүү роль аткара алат деп ойлойм. Сиздердин өлкө Ооганстанды Борбор Азияга интеграциялоо жолунда аракет кылып келет. Казакстандын Коопсуздук Кеңешиндеги эки жылдык кызматы жемиштүү болду деп так айтууга болот.