БУУнун курамындагы Казакстан

БУУнун курамындагы Казакстан

Казакстандын дүйнөлүк жана салттуу дин башчыларынын съездин туруктуу өткөрүү демилгеси Бириккен Улуттар Уюмунда кеңири колдоого ээ болду. Бирдин айынын биринен жетисине чейин Башкы Ассамблеяда Бүткүл дүйнөлүк конфессия аралык мамилелер жумасы деп жарыяланды. Иш-чаранын негизги идеясы – ар түрдүү чыр-чатактар жана түшүнбөстүктөрдү болтурбоо максатында диний конфессиялар ортосунда байланыштарды орнотуу. Казакстандагы улут аралык жана конфессия аралык келишим дүйнө өлкөлөрүнө үлгү. Ушул тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн өлкөдө 2003-жылдан бери Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съезди өткөрүлүп келет. «Диндер тынчтык үчүн» уюмунун башкы катчысы Уильям Вендли – ушундай жолугушууларды өткөрүүнүн жигердүү жактоочуларынын бири.

УИЛЬЯМ ВЕНДЛИ, «ДИНДЕР ТЫНЧТЫК ҮЧҮН» УЮМУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Коопсуз жана тынчтык дүйнөнү курууда диндин орду маанилүү. Ушул максаттагы диндердин жагымдуу эмгегин эл аралык коомчулукка көрсөтүп жүргөн Казакстан жана ушул өлкөнүн башчылыгына ыраазычылык билдиришибиз керек. Бүткүл иш-аракетимди диндердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө арнадым. Ушул жолумда ар дайым Казакстандын колдоосун сезип жүрөм.

Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жумушун аяктаганы менен тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы чараларын уланта берет. Бул багытта өлкөнүн жоокерлеринин уюмдун Ливандагы тынчтык куруу күчтөрүнүн курамындагы кызматын белгилеп өтүүгө болот. Эскерте кетсек, Казакстан жоокерлери Ливанда Индия аскерий контингентинин курамында кызмат кылып жүрөт.

КАЙРАТ ОМАРОВ, БУУнун АЛДЫНДАГЫ КАЗАКСТАНДЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Биринчи жолу 120 аскерибиз башка өлкөдө жайгаштырылып, тынчтыкты камсыз кылууга арналган маанилүү жана баалуу милдетин аткарып жатышат. Бул Өлкө башчысы бизге тапшырган басымдуу максаттардын бири. Ушул милдетти жогорку кадыр-барк менен аткардык. Бул иште Индия менен жакшы карым-катнашыбыз өз таасирин тийгизди. Албетте биринчиден бул Өлкө башчысынын чоң эмгеги, ал сунуштаган демилгелеринин аркасында эл аралык  аренада өлкөбүздүн кадыр-баркы көрүнүктүү өсүп жатат.