Казакстан эл аралык аренадагы ролун бекемдөөдө

Казакстан эл аралык аренадагы ролун бекемдөөдө

Казакстан эл аралык аренадагы ролун бекемдөөдө. Өлкө дүйнөлүк коомчулукта ийгиликтүү интеграциялангандан тышкары, өзүн таанытууга да жетишти. Так ийгиликтердин катарында тынчтык куруу демилгелери менен экономикалык өнүгүшүн белгилеп өтүүгө болот. Белгилүү америкалык саясатчылар кыска мезгилде Казакстандын жигердүү өнүккөнүн белгилешүүдө. Казакстандагы АКШнын биринчи элчиси Уильям Кортни бул көрсөткүчтөр кубандырат, дейт. Ал Казакстандын ийгилиги менен казакстандыктардын меймандостугуна ыраазы.

УИЛЬЯМ КОРТНИ, АКШнын КАЗАКСТАНДАГЫ БИРИНЧИ ЭЛЧИСИ:

- Биз Казакстанда Американын элчилигин ачкан кезде өлкө ушундай деңгээлде өнүгөт деп ойлогон эмеспиз. Азыркы тапта Казакстандын келечеги жаркын болот деп ишенебиз. Алдыдагы убакытта да өлкөлөрүбүз ар түрдүү тармактар боюнча өнөктөштүгүн бекемдешет. Казакстан менен Америка кошмо штаттарынын өнөктөштүгүнүн башкы ийгилиги – Каспийдин энергетикалык ресурсун өнүктүрүү болду деп эсептейм. Казакстан мунайдын башкы экспортчуларынын бири. Биз мындай өнөктөштүктү улантышыбыз керек. Теңгиз долбоорун кеңейтүүгө 37 миллиард АКШ доллар көлөмүндөгү каражат багытталат. Бул дүйнөдөгү эң ири долбоолордун бири болуп жатат.

Казакстан өзүн аймактык өкүлчүлүктө да эл аралык тынчтык куруучу катары тааныта алды, дешет серепчилер. Алардын айтымында, өлкөнүн демилгелери өзөктүү. Демилгелердин бир нечеси БУУнун расмий документтүү макамын алган. Саясатчылар менен дипломаттар Казакстандын ушул уюмдун Коопсуздук Кеңешиндеги жумушуна да оң бааларын берип жатышат.

ТОРЕ ВЕСТБИ, «МЭРЛЕР ТЫНЧТЫК ҮЧҮН» ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- 1991-жылдан бери өтө көп убакыт өттү. Казакстан өзүнүн ядролук полигонун жапты. Сиздердин өлкө ар бир улут ядролук куралсыз эле өмүр сүрө аларын далилдеди. Эки ири державанын ортосунда турган Казакстан ядролук куралдан эркин аймак болуп жатат. «Мэрлер тынчтык үчүн» уюмунда иштей баштаган кезде Казакстандын демилгеси менен колго алынган эл аралык «АТОМ» долбоору тууралуу билдим. Бир нече жыл катары менен мен ушул долбоордун алкагында өнөктөштүктү орноттум. БУУнун Коопсуздук Кеңешине тандалган кезде Казакстандын иш планы тууралуу кабардар болдум. Өлкөңүздөр бул демилгелерин  толук аткарып, өзүнүн кызматын жогорку деңгээлде кылды. Алдыдагы убакытта да өлкөңүздөр ар түрдүү эл аралык демилгелер менен таанылат деп ишенем.