Казакстан БУУ тынчтык куруучуларын даярдайт

Казакстан БУУ тынчтык куруучуларын даярдайт

Казакстанда БУУнун миссиялары үчүн тынчтык куруучулар даярдалат. КАЗЦЕНТтин “Тынчтык куруу жолундагы шериктештик” окуу борбору ата мекендик нускоочулар тарабынан иштелип чыккан тынчтык куруу курстары Бириккен Улуттар Уюмунун расмий жактыруусуна ээ болду. Бул аймактагы ушундай макамга ээ болгон жалгыз борбор. Тиешелүү документтер уюмдун  Нью-Йорктогу штаб-квартирасында тынчтыкты колдоо мамлекеттик катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа тарабынан кол коюлду. КАЗЦЕНТтин курстарында тынчтыкты куруучуларды даярдоодо жарандарды коргоо суроолоруна, эрежелерди түшүндүрүүгө жана БУУнун тынчтыкты колдоо операцияларынын өзгөчөлүктөрүнө тыкыр көңүл бөлүнөт. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси  Жумабек Сарабековдун айтымында, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан көрсөтүлгөн мындай макам Казакстан үчүн эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө өз салымын кошууга жол ачат.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Баарыбызга белгилүү болгондой, 2018-жылдын тогуздун айынын аягында казакстандык тынчтык куруучулар Ливанга багыт алышкан. Тынчтык куруучулардын курамы 120 адам. Алар аталган өлкөдө бир канча кызматтарды аткарышат. Казакстандык контингент Ливанда жарандарды коргоо иштери менен алектенишип, Ливан жана Израиль чек арасындагы ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөгөн туруктарды уюштурууда өз салымын кошушат.

Ливандагы миссия, тынчтык куруучуларды даярдоо укугун алуу, БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалык. Серепчинин айтымында, жогоруда белгиленгендердин баары Казакстандын дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөдө жигердүү катышкан өлкө катары таанылышында маанилүү кадамдар болду.