Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ролу

Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ролу

Көз карандысыздык жылдардын ичинде Казакстан дүйнөлүк саясатта эл аралык кадыр-баркка ээ мамлекеттердин катарына кирди. Республика өзүнүн демилгелери, тынчтыкты куруу аракеттери менен белгилүү. БУУ Коопсуздук Кеңешинин Сомали жана Эритреяга тиешелүү санкциялар боюнча комитетинин төрагасы катары Казакстан Эритреяга каршы санкцияларды жоюу тууралуу чечимге алгылыктуу салым кошту. Аталган өлкө өкүлдөрү Казакстанга ушундай тарыхый чечимге жана аймактагы тынчтыкты орнотууга жардамдашуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

АМАНУЭЛЬ ДЖОРДЖИО, БУУнун АЛДЫНДАГЫ ЭРИТРЕЯ ИШИ БОЮНЧА УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Сиздердин өлкө дипломатиялык ыкмаларга таянып туура иш алып барды. Биз Нью-Йорктогу кеңсеңиздер менен тыгыз карым-катнашта болдук. Анын натыйжасында Эритреяга багытталган санкциялардын күчү жоюлду. Бул Казакстандын БУУ Коопсуздук Кеңешиндеги ийгиликтүү жумушунун аркасында ишке ашты. Биз Казакстандын эл аралык аренада карманган ролуна ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүнкү күндө Казакстан бардык багыттар боюнча дүйнөлүк жараяндарга жигердүү катышып келе жатат. АКШ конгрессмени Дана Рорабахер Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн артыкчылары арбын деген пикирде.

ДАНА РОРАБАХЕР, АКШ КОНГРЕССИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин казак эли биримдигин сактап, ички чыр-чатактардын алдын ала билди. Аны менен катар кыргын-согуш, ядролук курал сыяктуу сыноолордон аман-эсен өтүп, башка өлкөлөргө үлгү боло алган мамлекет деп айтсак ашыкча болбойт. Географиялык жайгашкан жери да өтө ыңгайлуу. Ошондуктан ушул мүмкүнчүлүктөрдү эффективдүү пайдаланып, унаа, соода хабына айландыруу керек. Азыркы тапта ага мүмкүнчүлүктөр  да жеткиликтүү. Ошондуктан АКШ Казакстан менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар.

Казакстандагы дипломатиялык миссиялардын саны өсүүдө, дүйнөлүк уюмдар да республикада өз кеңселерин ачууда. Ушул жана башка да көптөгөн нерселер сыяктуу, дүйнөлүк коомчулуктун Казакстан менен өз ара эффективдүү карым-катнаштарды өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун жаратат.