Казакстан-Венгрия: Визасыз катташуу

Казакстан-Венгрия: Визасыз катташуу

Венгрия Казакстандын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүүгө кызыктар. Азыр Будапешт бул маселени Евробиримдикте жигердүү жактап жатат. Эки өлкөнүн серепчилери бул демилгени оң баалап келет.

МАРИНА МИРОНОВА, ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

Визасыз режим кирсе, албетте агым көбөйөт, анткени казак жарандарында бул өлкөгө кызыгуу бар, андан туугандык байланыштарды көрүп турам, казакстандыктар менен венгерлер жалпы тарыхы бар - бир тууган эл деп айтсак болот.  

Айте кетсек, бүгүнкү күнү казакстандыктар арасында венгер багыты абдан таанымал. Бир жарым жыл мурда Астана-Будапешт авиа каттамы ачылган. Андан бери каттамды 40 миңден ашык киши колдонгон. 

ИНДИРА МУРЫМБАЕВА, ВЕНГРИЯДАГЫ КАЗАКСТАН ДИАСПОРАСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

– Мага жакындарым менен досторум жылына бир же бир нече ирет туристтик максат менен келет. Анан алар дайыма туристтик виза алышат. Менимче визасыз режим болсо көптөгөн туугандар кубануу менен көп каттап турмак. Студенттер жана көптөгөн окумуштуулар маданий жактан өз ара тажрыйба алышмак.

Айта кетсек, жаңы жылда Казакстанга Венгриянын бир кыйла абройлуу бизнесмендеринин сапары уюштурулат. Мындан тышкары, Улуттук экономика министрлигинин жетекчиси жогорку технологиялуу жана айыл чарба венгер компанияларын Казакстанга инвестиция салууга чакырды.