Казакстан дүйнөлүк аренада: 2018-жылдын жыйынтыктары

Казакстан дүйнөлүк аренада: 2018-жылдын жыйынтыктары

2018-жыл Казакстан үчүн – ийгиликтүү болду. Буга мамлекет жүргүзгөн бир катар тышкы саясий ири иш-чаралар күбө. Айтсак, өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылды жана Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саммити өттү. Саясатчылар жана серепчилер Актауда өткөн Бешинчи Каспий саммити жылдын олуттуу жетишкендиги болгонун белгилешет. Анын жыйынтыгында деңиздин укуктук макамы жөнүндө Конвенцияга Казактан, Азербайжан, Иран, Орусия жана Түркмөнстан президенттери кол койду. 

ЧИНГИЗ ИСМАИЛОВ, КАСПИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН ЖЕТЕКИЧИСИ:

– Кабыл алынган Конвенция кийинки кадамдар үчүн укуктук базаны чыңдады. Бардык мамлекеттер Каспийде мунай, транспорттук, экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар. Биз жакынкы жылдары Каспий жээгиндеги бештиктин кызматташуусунун жыйынтыгын көрө алабыз деп ишенем. Албетте бул документти макулдашуу 20 жылга созулду. Бирок ага кол коюу Каспий деңизиндеги жаңы кызматташуунун башталышы жана анда жалпы, улуттук кызыкчылыктар эске алынган эң башкы бөлүкчөсү болуп калды.

Ата мекендик дипломатия үчүн Казакстан туруктуу эмес мүчө болуп саналган БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылуусу эң башкы окуя болду. Биздин мамлекет Борбор Азия аймагынын өкүлү катары мындай ааламдык аянтчага тарыхта биринчи жолу катышты. Үчтүн айында ата мекендик дипломаттар ар кыл деңгээлдеги отуздан ашык жыйын өткөрүштү.

БАХТИЁР ИБРАГИМОВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН БУУ АЛДЫНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан чоң ийгиликтерге жетишти жана алардын бири катары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүн айтып кетет элем. Буга ал Борбордук Азиядан биринчи жетти. Казакстан Кеңеш мүчөсү катары бир катар демилгелерди киргизди, Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин жолугушууга чакырды.

Казакстан жыл ичинде тынчтык орнотуучу наамына жетишти. Мамлекет туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоону жактаган дүйнөлүк коомчулуктун абройлуу мүчөсү болуп саналат. Белгилей кетсек, Ливандагы эл аралык тынчтык орнотуу миссиясына Казакстан алгачкы жолу катышып жатат.   

Казакстан БУУ менен бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташууда. 2018-жылы республика Алматыда Уюмдун аймактык Хабын ачууга жетишти.

ЕРЖАН АШИКБАЕВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

– Бул борбор туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү көз карашынан алганда жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн дагы абдан маанилүү. Анткени бүгүнкү күнү бардык БУУ агенттиктери бир чатыр алдына чогулган. Мындан алардын биргелешкен иштерди жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ишмердүүлүк шарттары жеңилдейт. Мунун бардыгы Казакстан үчүн жана Борбордук Азия мамлекеттери үчүн шексиз түрдө абдан зор мааниге ээ болот.

Мындан тышкары, Казакстан ЮНЕСКОго да демилге көтөрүүдө. Республика Чарын менен Жонгарды эл аралык биосфералык резерваттар тармагына киргизе алды. Эми Казакстандан бул тизмеге он резерват топтому кирет, бул эл аралык кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүүгө жана табигый ар түрдүүлүктү сактоого бир кыйла келечектүү шарттарды түзүүгө жардам берет.