Казакстандын дүйнөлүк аренадагы маанилүү орду

Казакстандын дүйнөлүк аренадагы маанилүү орду

Дүйнөнүн саясий картасында Казакстандын маанилүү орду бар. Өлкө бардык ири эл аралык иш-чараларды жана кийин жүзөгө ашырыла турган ааламдык демилгелерди сунуштайт. Белгилей кетсек, өзөктүк куралга каршы жигердүү күрөшүүчү катары жыл сайын республиканын кадыр баркы өсүп, ага карата ишеним жогорулап келет. Эске салсак, Казакстандын Баш оона айынын 29ун ядролук сыноолорго каршы туруунун бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялоо демилгесин БУУ колдоого алган. Ал эми 2015-жылы Бештин айында Эл аралык уюмдун Башкы Ассамблеясы Казакстандын демилгеси менен Өзөктүк куралдан эркин тынчтыкты куруу боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. Польша Сейминин вице-спикери Рышард Терлецки ушул жаатта Казакстандын эл аралык масштабдагы эмгеги баа жеткис экенин айтат. Саясатчы ошондой эле, Польша менен Казакстан – абдан тыгыз достук байланыштары бар эки мамлекет экенин белгиледи.

РЫШАРД ТЕРЛЕЦКИ, ПОЛЬША СЕЙМИНИН ВИЦЕ-СПИКЕРИ:

– Казакстан эгемендүүлүк жылдары өнүккөн экономика курду. Ал саясий туруктуу мамлекет, дүйнөлүк сүйлөшүүлөргө медиатор катары да чыгып жүрөт. Мындан тышкары, ЭКСПО, Каспийдин макамы жөнүндө беш тараптуу келишимди, БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануусун белгилеп кетким келет. Булар Казакстандын заманбап саясаттагы салмагын айтып турат. Биз Казакстан-Польша алакасы дагы өнүгүшүн каалайбыз. Сиздердин Президенттин Польшага жана Президент Дуданын Казакстанга сапары көрүнүктүү окуя. Биздин борборлор түз авиакаттам менен байланышкан. Краковдон Астанага дагы бир каттам ачуу планыбыз бар, бул туризмди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.