Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыгы

Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыгы

Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгы Улуу Британияда талкууланды. Ушундай эле жолугушуу эки жыл мурда болгон. Бирок анда дүйнөлүк коомчулуктун Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөлүгүнөн күтүүлөрү жөнүндө сөз болгон. Күн тартибинде ал күтүүлөр канчалык акталганы башкы тема болду. Саясий партиялардын өкүлдөрү, саясат жана маданият таануучулар Казакстан коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды деген бир ойго келишти.    

СТИВЕН ЭМБЛАНД, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

– Казакстан террорчулукка каршы аракет көрүү маселесине өзгөчө көнүл бурду. Дүйнөлүк коомчулукту Ооганстандын көйгөйлөрүн кайрадан кароого чакырды. Бул акыркы 8 жылда биринчи жолу айтылды. Ошондой эле, Казакстан дүйнөдөгү эң ири өзөктүк куралдан ыктыярдуу баш тарткан өлкө катары, өзөктүк дүрмөттү таратпоо маселесин дагы актуалдаштырды.

Жолугушууну Улуу Британиянын эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири UCL (ЮСиЭл) жана «Ачык Борбордук Азия» журналы уюштурган. Алар үчүн Казакстан регионалдык лидер катары өзгөчө кызыгуу жараткан.

МАРАТ АХМЕДЖАНОВ, «АЧЫК БОРБОРДУК АЗИЯ» ЖУРНАЛЫНЫН ЭЭСИ:

- Биз Казакстандын бир гана БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги эле эмес, башка эл аралык уюмдардагы эл аралык жигердүүлүгүнө кубануу менен көз салабыз. Ошондой эле, талдап, алдыга сүрөйбүз жана жардам беребиз.

Келечекте ушул сыяктуу иш-чараларды Улуу Британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда өткөрүү пландалууда. Белгилей кетсек, учурда академиялык жана студенттик коомчулуктун Борбордук Азияга кызыгуусу күн санап өсүүдө.